ЭЛКАРТ Pay

ЭЛКАРТ Pay-бир тийүү менен төлөө

Мобилдик телефон аркылуу KICB ЭЛКАРТ карттары менен төлөмдү тосуп алыңыздар!

Android базасындагы смартфон аркылуу бир ирет кол тийгизүү менен төлөңүз!

Эми KICB чыгарган ЭЛКАРТ карттары менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө Android базасындагы KICB жана KICB Business тиркемеси аркылуу контактсыз төлөөгө болот!

ЭЛКАРТ Pay деген эмне?

ЭЛКАРТ Pay — бул Сиздин смартфонуңуз аркылуу аткарылган контактсыз төлөм. Сатып алууларга карттын өзүн көрсөтпөй туруп, контактсыз төлөмдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар POS-терминалдарда төлөөгө болот.

KICB ЭЛКАРТ карттары менен ЭЛКАРТ Pay аркылуу төлөө көптөгөн артыкчылыктарга ээ:

  • Тез жана ыңгайлуу төлөмдөр: ЭЛКАРТ Pay пайдалануу менен биздин банктын кардарлары үчүн картты чыгаруу же маалыматтарды киргизүү зарылчылыгы жок, бир ирет кол тийгизүү менен төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Бул убакыт баалуу болгон активдүү жашоо образынын шарттарында өзгөчө ыңгайлуу.
  • Коргоо жана коопсуздук: KICB жана KICB Business мобилдик тиркемесинде ЭЛКАРТ Pay төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн көп баскычтуу коргоону жана шифрлөөнү колдонот. Транзакцияларды тастыктоо үчүн PIN-код, Face ID, графикалык ачкыч же манжа изин пайдалануу талап кылынат, бул төлөмдөр системасын ишенимдүү жана коопсуз кылат.
  • Ылдамдык: ЭЛКАРТ Pay аркылуу заматта төлөнөт, тастыктоону же иштеп чыгууну күтүү зарылчылыгы жок. Бул сиз узун кезекте турган же шашып жаткан кырдаалда өзгөчө пайдалуу.

KICB тиркемесин жүктөп алыңыз жана KICB банкынын ЭЛКАРТ картын ЭЛКАРТ pay системасына кошуңуз:

  1. KICB/KICB Business мобилдик тиркемесин ачыңыз жана ЭЛКАРТ картын тандаңыз;
  2. Карттын ырастоолорунда «ElcardPay» опциясын тандаңыз;
  3. Карттын алдында «Контактсыз төлөмдү күйгүзүү» дегенди басыңыз;
  4. Катталган телефон номерине код бар СМС келет, кодду киргизиңиз;
  5. Сиздин картаңыз контактсыз төлөмгө ийгиликтүү кошулду;
  6. Телефондун ырастоолорунда Контактсыз төлөм бөлүмүндө – алдын ала KICB/KICB Business тиркемеси тандалганын текшериңиз;

Сатып алууларга тез, коопсуз жана ырахаттануу менен төлөңүз. Банктын кардарлары өз каражатын оңой көзөмөлдөй алышы үчүн KICB ар дайым заманбап жана ыңгайлуу технологияларды сунуштоого аракет кылат!

Эгерде Сизде KICB/KICB Business мобилдик тиркемеси жок болсо, аны App Store жана Play Market платформаларынан жүктөп алсаңыз болот.

Банк колдонмосун жүктөп алыңыз
Приложение банка

Тиркемени жүктөп алуу