рекомендовать страницу


ОТПРАВИТЬ ССЫЛКУ НА ПОЧТУ

Отправить еще



«90 плюс» ардагерлер командасы бардыгыңарга бекем ден соолук, узак өмүр каалайт. / Команда ветеранов «90 плюс» желает всем здоровья и долголетия / 09.05.2017

KICB банкынын кызматкерлери Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга тамак-аш азыктарын, дары-дармек сатып алууга 700 сом суммасына сертификаттарды тапшырып келишти.

Бүгүн биз “Согуш ардагерлери” бирикмесинин президенти Топонбай Чотбаевич Чотбаевде конокто болуп келдик. Жашы улгайып калгандыгына карабастан, аксакал бизди жылмайып кубанычта тосуп алып, тамашалаганга да жетишти.

- Биз жашаган үйдө согуштун ардагерлеринен бешөөбүз гана калдык. Жаш курагыбыз 90дон ашып калгандыктан командабызды «90 плюс» деп атап алдык. Аксакалыбыз 96да, алардын эң кичүүсү мен 92ге келдим,   - деп сөзүн улады аксакал.  

Топонбай ата менен коңшулаш жашаган ардагерлерибизди да кыдырып, ысык саламабызды, терең ыраазычылыгыбызды билдирүүгө үлгүрдүк.   

- Убакыт суудай агып, өз өкүмүн таңуулаганы менен кайрат-күчүбүздү майтара албады. Жараткам Аллам уурдалган жаштыгыбыздын ордун толуктап, узак өмүр берди бизге. Ошондуктан, өкүттө калган нерсебиз жок, - деп ыраазычылыгын билдиришти аксакалдар. 

Аксакалдарыбыздын жакындарынын аларга камкордук көрүп, сый-урматка бөлөп турганы айрыкча бизди кубандырды. Жеңиш күнү бизден тышкары алардын бардык жакындары келип, мээрим төгүп куттукташып, ыраазычылыгын алып жатышты.

 

KICB эмгек жамааты ардактуу согуш ардагерлерине айтылып жаткан бардык куттуктоолорго чын дилинен кошулуп, аларга бекем ден соолук, көөнөрбөс кайрат-күч, жакындарынын, үй-бүлөсүнүн камкордугунда узак өмүр каалайт.  

 


 

Сотрудники Банка KICB поздравили ветеранов Великой Отечественной Войны, вручив им продуктовые наборы и сертификат на покупку лекарств на сумму 700 сомов.

Сегодня мы побывали в гостях у президента объединения «Ветераны войны» Топонбая Чотбаевича Чотбаева. Несмотря на преклонный возраст, этот улыбчивый аксакал держится молодцом и у него потрясающее чувство юмора.

- В нашем доме в живых осталось только пять ветеранов ВОВ. Мы свою маленькую команду называем «90 плюс», потому что каждому уже перевалило за 90. Самому старшему – 96. Я, между прочим, самый молодой, мне «всего» 92! - улыбается аксакал.  

Удивились мы и тому, что почти все соседи-однополчане Топонбая ата, которых мы навестили, в хорошей форме и отличном настроении. Несмотря на почтенный возраст и оставшиеся в наследство от фронта болезни.

- Возраст, конечно, берет свое, - признаются ветераны. – Но жаловаться мы не привыкли. Бог дал в награду за украденную войной молодость долгую жизнь. Поэтому сетовать грешно, - замечают мудрые старцы. 

Отрадно, что почтенные ветераны, которых мы навестили, окружены заботой и любовью близких. Многие пришли в этот день и накануне поздравить их с Днем Победы. Всем гостям хлебосольные хозяева в ответ желали здоровья и долголетия. Говорят, когда такое пожелание звучит из уст долгожителей, то обязательно сбывается.

Команда KICB присоединяется ко всем поздравлениям и желает нашим дорогим ветеранам еще долгих лет активной жизни, здоровья и Мира, цену которому они знают, как никто другой.