KICB Башкармасынын мурдагы Төрагасы Кванг Янг Чой мырза жөнүндө некролог




 

Мыкты банкир жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы коммерциялык банктарынын бири болгон «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» (KICB) ЖАКнын негиздөөчүсү Кванг Янг Чой мырзанын каза болгондугун терең кайгыруу менен маалымдайбыз. Чой мырза 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кванг Янг Чой мырза 2001-жылдын 31-майында негизделген күндөн тартып KICB Башкармасынын Төрагасы болуп дайындалган жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштеген. 2020-жылдын 1-февралынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин ал KICB Директорлор кеңешинин кеңешчиси болгон.

Кванг Янг Чой мырза мыкты финансист гана эмес, шыктандыруучу лидер болгон, анын банк чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымын баалабай коюуга мүмкүн эмес. Ал KICB банкын дээрлик 20 жыл жетектеди жана өзүнүн билими жана зор тажрыйбасы менен аны финансы рыногундагы алдыңкы оюнчулардын бирине айлантты. Анын жетекчилиги астында Банк ишенимдүүлүктүн, инновациялардын жана кардарга багытталгандыктын символу болуп калды.

Чой мырза Кореянын Сеул шаарындагы Соган университетинин Коммерциялык колледжин аяктаган. Чой мырзанын банк чөйрөсүндө 43 жылдан ашык иш тажрыйбасы болгон. Ал эмгек жолун Korea Exchange Bank (KEB) банкында баштаган жана аталган банкта дээрлик 20 жыл, анын ичинде АКШдагы жана Англиядагы кеңселеринде иштеген. Чой мырза Өзбекстандын алдыңкы банктарынын бири – UzDaweoo банкын негиздеген жана жетектеген.

Чой мырза көптөгөн сыйлыктар менен, анын ичинде мамлекеттин алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган.

Чой мырза Кыргыз Республикасынын финансы чөйрөсүндө кызматкерлердин бир нече муунун тарбиялады, алар азыркы убакта өлкө экономикасынын ар кандай секторлорунда татыктуу эмгектенип жатышат.

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКнын жамааты туугандары жана жакындары менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Анын кайтыш болушу аны менен тааныш болгон, иштешкен жана кызматташкан көптөгөн адамдардын жүрөгүндө чоң боштук калтырат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кореяда өтөт. Каалоочулар төмөндөгү дарек боюнча KICB Башкы кеңсесинде орнотулган эскерүү китебинде туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн калтыра алышат: Бишкек ш., Эркиндик бул., 21, 1-кабат.