“Бекитилди”

                                                                                                                                       «КИКБ” ЖАК    

                                                                                                                      Башкармасы тарабынан  

                           “__8__”_февраль___2024г.

                                                                                                                             №___2024/05____протокол

 

Кредиттик келишимге №1 тиркеме


       Ушул №1 Тиркеме Карыз алуучу менен «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банк» жабык акционердик коомунун (мындан ары - «Банк») ортосунда түзүлгөн Кредиттик келишимдин (мындан ары «Кредиттик келишим») ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  Карыз алуучу Кредиттик келишимге кол койгондо, Кредит алуучу ушул Тиркемеге толугу менен кошулат. Кредит алуучу бул Тиркемени кунт коюп окуп чыгышы керек.

1. Жалпы жоболор

1.1.            Банк Карыз алуучуга, Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана шарттарда кредит сунуштайт, ал эми Карыз алуучу, ушул Келишимдин шарттарына ылайык, кредиттин суммасын максаттуу багытта пайдаланууга, Банкка өз учурунда кайтарып берүүгө жана кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды,  төлөп берүүгө милдеттенет.

1.2. Кредиттик каражаттар ушул Келишимге кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен берилет.

1.3. Кредит транш менен бериле турган шартта, Карыз алуучу Банкка ар бир транш боюнча өз-өзүнчө кредиттик каражаттарын берүү жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга тийиш.

2. Кредиттин камсыздалышы

2.1. Карыз алуучунун кредитти кайтаруу, пайыздарды, туумдарды төлөө, Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюудан же талаптагыдай аткара албай калуудан улам Банкка келтирилген чыгымдардын ордун толуктап берүү, Карыз алуучудан карызды өндүрүп алууга тиешелүү  Банктын башка чыгымдарын төлөө милдеттенмелеринин аткарылышы Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн камсыздоо менен камсыз кылынат.

3. Кредитти берүү жана кайтаруу, пайыздарды чегерүү жана төлөө тартиби


3.1. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар Карыз алуучуга Банк тарабынан кредит берилген күндүн кийинки күнүнөн тартып, кредит толугу менен кайтарылганга чейин, ар бир календардык ай ичинде чегерилип турат. Календардык ай, айдын ичиндеги факт жүзүндөгү күндөрдүн санына барабар жана пайыздарды эсептөөдө жыл ичиндеги күндөрдүн саны 360 күнгө барабар эсептелинет.

3.2. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар кредиттин негизги суммасынын төлөнө элек калдыгына чегерилет.

3.3. Туумдарды чегерүү кредиттин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып, ар бир календардык ай ичиндеги күндөрдүн санына жараша жана  жыл ичинде күндөрдүн саны 360 күнгө барабар болуп эсептелип, карыз орду толук жабылганга чейин негизги карыз калдыгынын суммасына чегерилет.

3.4. Кредиттин негизги суммасын кайтаруу жана пайыздарды төлөө ушул Келишимдин «А» тиркемесинде көрсөтүлгөн Кредитти төлөө графигине ылайык саат 16:00дөн кечиктирилбестен, кредит берилген валютада Карыз алуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.

3.5. «Төлөө күнү» дегенден улам, пайыздарды жана/же кредиттин негизги суммасын төлөө күнүн же мөөнөтүнөн мурда төлөө же ушул Келишимде каралган башка төлөмдөрдү төлөө күнүн түшүнүү зарыл. Эгерде Төлөө күнү жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда жумуш эмес күндөн кийинки жумуш күнү Төлөө күнү катары эсептелинет. 

3.6. Кардар кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бөлүгүн бардык чегерилген пайыздар жана төлөнүүгө тийиш болгон башка суммалар менен бирге Карыз алуучу тарабынан эч кандай комиссияларсыз, айыптык төлөмдөрсүз жана башка төлөмдөрсүз каалаган убакта жүзөгө ашырылат;  

3.7. Ушул Келишим боюнча кредитти жана пайыздарды төлөө, Банк алдындагы башка төлөмдөр Карыз алуучу тарабынан нак акча каражаттарын Банктын кассасына салуу; Банк көрсөткөн эсепке чегерүү; төлөм терминалдары жана Банктын мобилдик тиркемеси аркылуу тараптар макулдашкан башка жолдор аркылуу ишке ашырылат.

3.8. Эгерде Карыз алуучу кредит боюнча сумманы толук төлөй албай калса, анда Банк  Кредит боюнча төмөнкүдөй төлөм кезегин өз ыңгайына жараша аныктоого укуктуу:

(1) кредиттин негизги суммасы;

(2) карызды өндүрүүгө кеткен чыгымдар;

(3) кредитти колдонуу үчүн пайыздар;

(4) айыптык төлөмдөр (айып пулдар, туумдар);

(5) камсыздандыруу сыйлыгынын суммасы;

(6) карт эсептери боюнча келип чыккан овердрафт суммасы (анын ичинде техникалык, жол берилген);

(7) чыгымдар.

4. Тараптардын укуктары жана милдеттери


4.1. Банк төмөнкүлөргө укуктуу:

4.1.1. Карыз алуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган жана/же талаптагыдай аткарбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын Банк Карыз алуучунун Банкта ачылган кайсыл болбосун эсептеринен акча каражаттарын,  айыптык төлөмдөрдү, комиссиялык төлөмдөрдү жана башка чыгашаларды, талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептеп алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, карызды өндүрүү боюнча башка чараларды көрүүгө укуктуу.

4.1.2. Ушул Келишим боюнча кредиттин суммасын, аны пайдалангандыгы боюнча пайыздарды жана башка төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү төмөнкү жагдайлар келип чыккан шартта мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга:

1) Карыз алуучу ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткара албай калса, анын ичинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасына карабастан, кредит жана пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса;

2) күрөөдөн кол жууп калса (кол жууп калуу коркунучу), күрөөнүн абалы начарлап кетсе, анын наркы төмөндөсө;

3) Күрөөнү камсыздандыруу келишими токтотулса: жокко чыгарылса, мөөнөтү өтүп кетсе;

4) Карыз алуучу алган кредитин Келишимде каралгандан башка максаттарда колдонгон болсо;

5) Карыз алуучу кредит алуу максатында сунуштаган маалыматтар жана документтер так эмес, бурмаланган болсо;

6) Карыз алуучуга карата доо талабы коюлса жана бул жагдай Карыз алуучунун кудуретсиздигине (банкроттугуна) же анын финансылык абалынын олуттуу начарлашына алып келсе.

4.1.3. Күрөө наркы төмөндөп кеткен шартта, ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин кошумча камсыздалышы талабы менен Карыз алуучуга кайрылууга.

4.1.4. Ушул Келишимдин мөөнөтү ичинде кайсыл болбосун убакытта күрөөнү жана Карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн  текшерүүгө алып, Карыз алуучуга жумуш берген жактан тиешелүү маалыматты алууга.

4.1.5. Ушул Келишимге жана башка келишимдерге ылайык, өз укуктарын же алардын бөлүгүн же милдеттенмелерин Карыз алуучунун макулдугусуз эле сатууга, ыйгарып берүүгө, өткөрүүгө же башка негизде аларды тескөөгө алууга. Кредит боюнча талапты өткөрүп берүү Карыз алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт жана өзүнчө келишим менен жол-жоболоштурулат. Ушул пункттун талаптары, Банк күрөө катары кредиттик портфелин берген учурларда колдонулбайт. Банк, эгерде ушул пунктта каралган сатуу, өткөрүп берүү, ыйгаруу же башка негиздер боюнча тескөөгө алуу сунушун талаптагыдай деп эсептесе, мындай бүтүмдөргө тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуктуу (анын ичинде кандай болбосун келишимдердин көчүрмөсүн чектөөсүз берүүгө).

4.1.6. Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайтарылбай тургандыгын айкын тастыктаган жагдайлар орун алса, Карыз алуучуга кредит берүүдөн баш тартууга.

4.1.7. Ушул Келишимдин шарттары жана ага байланыштуу кийинки бүтүмдөр тууралуу маалыматтарды Кредиттик маалымат бюролорго берүүгө.

4.1.9. Кайсыл болбосун үчүнчү жактардан кредитти төлөөнүн эсебине жөнөтүлгөн төлөмдөрдү кабыл алууга. Банк Карыз алуучу менен ошол үчүнчү жак ортосунда карызды төлөө процессинде түздөн-түз же кыйыр түрдө келип чыккан, учурдагы же андан кийинки өз ара мамилелер үчүн жооп бербейт.

4.1.10. Мыйзамда белгиленген тартипте, Карыз алуучу жөнүндө, ошондой эле анын мүлкү жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана мамлекеттик эмес уюмдардан сурап алууга.

4.1.11. Эгерде кредитти төлөө графигине ылайык төлөмдөрдү төлөө күнү дем алыш/майрамдан кийинки күнгө туура келсе, Банк кредитти төлөө күнүнө чейин 1 жумуш күн мурун Карыз алуучунун кредити боюнча Банкта ачылган Карыз алуучунун эсебиндеги кредитти бөлүп төлөө  өлчөмүндө акча каражаттарын резервге коюуга укуктуу жана кабыл алуу күнү дем ​​алыш/майрам күндөн кийинки иш күнү болуп эсептелет.

4.2. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

4.2.1. Карыз алуучунун талабы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кредитти төлөө графигинен көчүрмөлөрдү жана жана башка маалыматтарды берүүгө.

4.2.2. Ушул Келишим боюнча алынган кредитти төлөөдө Карыз алуучу кредиттик тартипти сактагандыгы жөнүндө талаптагыдай таризделинген маалыматты башка финансы кредит мекемесине берүүсү үчүн, өтүнүч каты Банкка келип түшкөн учурдан тарта 3 (үч) жумуш күнү ичинде ага берүүгө.

4.3. Карыз алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

4.3.1. Ушул Келишимдин 3.6-пунктта каралган шарттарда, кредитти толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүгө.

4.3.2. Ушул Келишим боюнча өз укуктарынын же милдеттенмелеринин бардыгын же алардын бөлүгүн Банктын жазуу түрүндөгү алдын ала макулдугу менен гана өткөрүп берүүгө.

4.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийинки мезгилде жана Карыз алуучу акча каражаттарын алганга чейин, кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга.

4.4. Карыз алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

4.4.1. Кредитти жана аны колдонуу үчүн чегерилген пайыздарды талаптагыдай төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга, Кредитти төлөө графигине ылайык төлөп турууга.

4.4.2. Кирешелерине тиешелүү маалыматты 6 (алты) айда бир жолу Банкка маалымдап турууга, ал эми иш ордун алмаштырып же киреше өлчөмү өзгөргөн шартта ал тууралуу дароо маалымдоого.

4.4.3. Кредитти алган учурда, ошондой эле Келишимдин шарттары өзгөргөн учурда, Келишимде каралган бардык комиссиялык төлөмдөрдү, ошондой эле кредит алууга кеткен чыгашаларды, салыкты төлөөгө байланыштуу бардык төлөмдөрдү Банкка төлөп берүүгө.

4.4.4. Ушул Келишим боюнча карызды өндүрүп алууга кеткен Банктын же ал бул ишке тарткан жактардын чыгымдарынын ордун толуктап берүүгө.

4.4.5. Алынган кредитти максаттуу багытта гана пайдаланууга. Карыз алуучу кредитти кандай пайдаланып жаткандыгын, анын ишкердигинин абалын контролдукка алуусу үчүн Банкка шартсыз укук берүүгө. Ошол эле учурда, Карыз алуучу Банктын өкүлдөрүнө өз кампа жайларына жана башка жайларына эркин кирүү, финансылык абалына, кредит пайдаланылып жаткан багыттар, күрөөнүн абалы жана анын кандай шартта сакталып жаткандыгы тууралуу маалыматтардан пайдалануусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттенет. Анткени мындай маалыматтар Банктын пикири боюнча кредитти кайтарып берүү жана ал боюнча чегерилген пайыздардын төлөнүшүнө таасир этиши мүмкүн.

4.4.6. Банктын макулдугусуз башка юридикалык жактардын жана жеке адамдардын милдеттенмелерине кепил (гарант) болууга, ал боюнча үчүнчү жак ишкердикти тескөөгө алган келишимге катышууга, ошондой эле өз активдеринин 10 (он) %ынан көбүрөөгүн сатуу бүтүмдөрүн түзүүгө укугу жок. Мында, өндүрүлгөн товар же сатуу үчүн каралган товар актив болуп эсептелген учурлар эске алынбайт.

4.4.7. Финансылык-экономикалык абалы өзгөрүп же начарласа, же болбосо күрөөлүк мүлктүн наркы түшүп кетсе, Банктын алгачкы эле талабы боюнча Келишимди аткаруунун же Банк көрсөткөн мөөнөттө кредиттин мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн камсыздаган кошумча гарантияны (кепилдик) сунуштоого.

4.4.8. Жашаган дареги, реквизиттери өзгөргөн шартта жана Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарууга өбөлгө түзгөн же алардын аткарылбай калышын шарттаган кандай болбосун бардык жагдайлар тууралуу, аларды дароо четтетүү максатында 3 (үч) жумуш күнү ичинде Банкка кат жүзүндө маалымдоого.

4.4.9. Жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттерин кошо алганда, башка финансы-кредит мекемесинен кредит алгандыгы тууралуу Банкка маалымдап, жарым жылда 1 (бир) жолу ошол кредиттер боюнча талап кылынган тартипти сактагандыгы тууралуу маалымат берип турууга.

4.4.10. Экинчи кезектеги күрөөнү талап кылуу менен кайра каржылоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө жана берүү үчүн кредиттин толук кайтарылган учурдагы  кредиттин негизги суммасынын калган бөлүгү үчүн5 (беш)% өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымын төлөп берүүгө.

5. Карыз алуучунун билдирүүсү жана кепилдиктери

5.1. Карыз алуучу ушул Келишимге кол коюу учурунда төмөнкүлөрдү гарантиялоого тийиш:

1) башка банктар жана/же кредиттик мекемелер, ошондой эле үчүнчү жак алдында орду жабылбаган карызы жок экендигин, анын мүлкү үчүнчү жактардын кине коюусунан жана кандайдыр бир милдеттенмесинен бош экендигин, финансылык абалы, ишкердиги тууралуу маалыматтар, мүлкүнүн абалына тиешелүү маалыматтар туура жана так экендигин;

2) анын кесепетинен мүлкүнө доо келтирилишин шарттаган сот процессинде доочу, жооп берүүчү же үчүнчү жак катары катышпай тургандыгын;

3) Келишимди түзүү учурунда ал адашууга барбагандыгын, зордук-зомбулуктун, мажбурлап коркутуунун таасирине кабылбагандыгын,  келишимге алдын ала макулдашылбагандыгын же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам ушул келишимди түзбөгөндүгүн.

5.2. Келишимге кол коюу учурунда Карыз алуучу төмөнкүлөрдү билдирген:

1) ушул аркылуу Келишим боюнча карызды талашсыз (акцептсиз) тартипте банктык эсебинен эсептен алып коюуга Банкка ыйгарым укук чегере тургандыгын;

2) ушул аркылуу эгерде ал Келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай калса жана/же талаптагыдай аткарбаса, түздөн-түз Банктын өзүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзам талабына ылайык күрөөнү тескөөчү аркылуу күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө укук чегерээрин. Ошол эле учурда, эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон жалгыз турак жай болсо, анда күрөө предметин өндүрүп алуу сот тартибинде жүргүзүлөт, мыйзамда белгиленген башка учурлардан тышкары.

6. Тараптардын жоопкерчилиги

6.1. Кредитти төлөө графигине ылайык кредитти кайтарып берүү жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берилген шартта, Банк Карыз алуучуга мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн ушул кредит боюнча пайыздык ченге барабар туум түрүндө айыптык төлөмдү, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасына жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын факт жүзүндөгү мөөнөтүнө чегерет. Бирок берилген кредит суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш.

6.2. Банк тарабынан күрөө предметинен соттук эмес тартипте мажбурлап өндүрүү жол-жобосу башталган шартта, Карыз алуучуга ал тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөртүлгөн билдирме тапшырылгандан кийинки 15 (он беш) күн ичинде Банк туумдарды чегерүүнү токтотууга милдеттүү. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орду жабылып же ага байланыштуу күрөө предметинен соттук эмес тартипте мажбурлап өндүрүү жол-жобосу ишке ашырылган милдеттенмелер аткарылган шартта, чегерилген туумдар кайрадан эсептелинип, аларды чегерүү токтотулган күндөн, милдеттенмелер аткарылган күнгө чейинки айырма Карыз алуучуга төлөнүп берилүүгө тийиш.

7. Аргасыз жагдайлар

7.1. Тараптардын көзөмөлүнө кирбеген жана алардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарышына тоскоол болгон өзгөчө кырдаалдардан (алардын ичинде жер титирөөлөр жана башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана чечимдери, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши, ченемдик укуктук акттардын кабыл алынышы, аскердик аракеттер, массалык баш аламандыктар) түздөн-түз же кыйыр түрдө келип чыккан аргасыз жагдайлар (форс-мажордук жагдайлар) башталган учурда, ушул Келишимдин 7-беренесинин 7.2-пунктундагы талаптар аткарылган шартта, ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү жогорудагы аргасыз жагдайлардын мезгилине жараша кийинкиге жылдырылат, бирок алар ушул Келишимдин өз убагында, толугу менен же анын жогорудагы форс-мажордук жагдайлар пайда болгондон кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүндө аткарылышына олуттуу таасир тийгизген деңгээлде гана.

7.2. Аргасыз жагдайлардын кесепетине дуушарланган Тарап аргасыз жагдайлардын башталышы жана бүтүшү тууралуу 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен экинчи Тарапка маалымдоого, ошондой эле мындай жагдайлардын орун алгандыгын тастыктоочу расмий документти сунуштоого милдеттүү. Аргасыз жагдайлардын башталышы Тараптарды ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт, алар болгону Тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтүн аргасыз жагдайлар аяктаганга чейин жылдырууга себеп болот, бирок мындай жагдайлар башталган учурдан тартып 30 календардык күндөн ашык эмес убакытка.

8. Башка шарттар

8.1. Ушул Келишимден жана ага байланыштуу Тараптар ортосунда келип чыккан кандай болбосун талаш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. Талаш маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн эмес болгон жагдайда ушул Келишимден жана/же ага байланыштуу келип чыккан талаш маселе, анын ичинде Келишимди түзүүгө, анын талаптарын бузууга жол берилишине, Келишимдин токтотулушуна, жокко чыгарылышына же анык эмес деп таанылышына байланыштуу талаш маселелер сот тартибинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.

8.2. Карыз алуучуга Банк тарабынан жөнөтүлгөн билдирмелер буйрутма кат аркылуу жөнөтүлгөн жана жеткирилип берилген катары эсептелинет.