17 2026
«Мыкты Ишкер Айым» долбоору менен пайызсыз кредит алыңыз!
«Мыкты Ишкер Айым» долбоору менен пайызсыз кредит алыңыз!
KICB бардык айымдарды «Мыкты ишкер айым» долбооруна катышууга чакырып, акысыз билим алууга мумкунчулук ачып, ал эми жеңүүчүлөргө пайызсыз МИЛЛИОН сомго чейинки кредитке жол ачат. Кыргызстандагы ишкер айымдар бизнести өнүктүрүү максатында пайызсыз кредит ала алышат, окуу финансы, маркетинг, сатуу жана тажрыйбалуу устаттар менен иштөө боюнча билимин жогорулатууга багытталат.
«Мыкты Ишкер Айым» программасы ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» (KICB) тарабынан Mastercard менен биргеликте, айымдар ишкерлигин колдоо алкагында, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана Швейцария Өкмөтүнүн ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду аркылуу көрсөткөн колдоосу менен ишке ашырылууда. Программанын мазмундук жана билим берүү бөлүгүн Accelerate Prosperity Кыргызстан ишке ашырат.
Долбоор аялдардын ишкердүүлүгүн колдоого багытталган жана толук акысыз окутууну камсыз кылат, ал эми акыркы тандоодо бизнести масштабдоо үчүн каржылоого алууга мүмкүнчүлүк берилет.
Программа бир нече этапта өтөт:
- Сынактын биринчи этабында арыз берген 200 айым каржы маселелери, маркетинг, сатуу жана бизнести пландаштыруу боюнча эки жумалык интенсивдүү окуудан өтүшөт.
- Экинчи этапта тандалып алынган 50 катышуучу беш жумалык практикалык курстан өтүшөт: насаатчылар менен иштөө, каржыны иштеп чыгуу, бизнести өнүктүрүү планын түзүү жана инвесторлорго презентация даярдоо.
- Финалдык тандоонун жыйынтыгы боюнча 25 катышуучу KICB банкынан 1 миллион сомго чейинки нөлдүк пайыздык үстөк менен кредит алышат.
Ким катыша алат?
Программага Кыргызстандын бардык региондорунан 18 жаштан 70 жашка чейинки ишкер айымдарга катышууга болот. Алар 1 жылдан кем эмес иштеген чакан, орто бизнестин негиздөөчүлөрү жана тең негиздөөчүлөрү болуп саналусу ыктымал. Ошондой эле катталган жеке ишкердин, патенттин же каттоонун башка формасынын болушу маанилүү шарттардын бири болуп саналат.
«Мыкты Ишкер айым» долбоору катышуучуларга бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана өз ишин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берип, кесиптик өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
03-жылдын 2026-июлуна чейин шилтеме аркылуу өтүнмө калтырыныз:
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScjqHP0EHKaeI067ZE_LcwBwJqyIMHXdHP2V87rMRs_DaurHQ/viewform?usp=send_form