«КИКБ» ЖАКнын комплаенс жол-жобосу

«КИКБ» ЖАКнын комплаенс жол-жобосу
«КИКБ» ЖАКнын комплаенс жол-жобосу
«КИКБ» ЖАКнын комплаенс жол-жобосу

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт жана жеке жана юридикалык жактарга банктык кызмат көрсөтүү үчүн эл аралык финансылык институттардын алдыңкы жана мыкты практикаларын жетекчиликке алат. 


«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткаруу максатында «Өз кардарыңды бил» саясатын, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу саясатын жүзөгө ашырат жана анын натыйжасында терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого жана азайтууга багытталган комплаенс иш-чаралардын комплексин ишке ашырат.

«КИКБ» ЖАКнын ишинде терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), ошондой эле экономикалык санкцияларга каршы аракеттенүү үчүн колдонулуучу куралдардын бири болуп кардарлардын операцияларына финансылык мониторинг болуп саналат.

Бул максатта Банк кардарды сурамжылоону, ошондой эле кардардын экономикалык ишин тастыктаган кошумча документтерди суроону колдонот. 



 «КИКБ» ЖАК бизнести ак ниеттүү жана чынчыл жүргүзгөн, өз аброюна кам көргөн жана бизнес жүргүзүүнүн жогорку этикалык стандарттарын колдогон кардарлар жана жеткирүүчүлөр (подрядчылар) менен ишкер мамилелерди түзөт жана жүргүзөт.