Кайтарым байланыш

Кайтарым байланыш
Кайтарым байланыш
Кайтарым байланыш

Урматтуу кардарлар!

КИКБ банкы даттанууларды, сунуш-пикирлерди, банк ишине ыраазычылык каттар менен кылдат таанышып чыгып, алардан натыйжа алууга аракеттенип келет. Анткени бул, банк ишин өркүндөтүү процессин, иш багытын жакшыртууга түрткү берген баалуу салым.

Ошентип, сунуш-пикирлерди (анын ичинде даттанууларды, арыздарды) төмөнкүчө жөнөтүүгө болот:

  • Банктын бардык бөлүмүндө ачылган даттануулар жана сунуш-пикирлер китептчелерине алар тууралуу жазуу;
  • Банктын күнү-түнү иштеген контакт-борборуна (312) 62 0101, (0553) 62 01 01 телефону боюнча кайрылуу;
  • Банктын www.kicb.net дареги боюнча расмий сайтынын «Кайтарым байланыш» бөлүгүнө кайрылуу;
  • 720040, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Эркиндик бульвары 21 дареги боюнча кат жөнөтүү;
  • Банк бөлүмүнүн жетекчисине түздөн-түз кайрылуу;
  • Банк жетекчилигине кайрылуу.

Келип түшкөн сунуш-пикирлер (анын ичинде даттануулар, арыздар) менен иш алып барууну Тейлөө бөлүмү координацияланат. Бардык кайрылуулар, даттануулар башкы офисте катталат, ал эми аты-жөнү, байланыш телефондору көрсөтүлбөгөн кат-кабарлар кароого алынбайт.

Тейлөө бөлүмү келип түшкөн даттанууларда камтылган маселени чечүү үчүн жооптуу болгон адамды аныктап, андан соң катты жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт.

Даттануу боюнча ичтен териштирүүлөр, аны ар тараптан кароого алуу иши жүргүзүлөт. Даттануунун мүнөзүнө жараша жооп кат жүзүндө/ооз эки жөнөтүлүшү мүмкүн. Иш натыйжасы боюнча кардарга жооп даярдалат. Жооптор аны даярдаган бөлүм тарабынан Тейлөө бөлүмүнө, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта банк жетекчилигине макулдашылат.

Кылдат чечмелөөнү талап кылган даттанууларда эске албаганда, кардарларга жооптор үч жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө жөнөтүлүүгө тийиш. Ушул аралыкта жооп жөнөтүү мүмкүн эмес болгон жагдай келип чыккан шартта, банк жооп жөнөтүүнүн башка мөөнөтү белгиленгендиги туралуу кардарга маалымдоосу зарыл.

Кардарлардын сунуштарын кабыл алуу жана кароо тартиби даттануулар менен иш алып баруу тартибиндей эле белгиленген.

Зарылчылык келипчык каншартта консультациялык укуктук жактан жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкү даректер боюнча кайрылааласыз:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 - (0312) 615278
  • Ош областтык башкармалыгы, Ош ш., Курманжан Датка көч., 119 - (03222) 48463
  • Нарын областтык башкармалыгы, Нарын ш., Жамгырчы уулу Абас көч., 6 - (03522) 50472
  • Ысык-Көл областтык башкармалыгы, Каракол ш., Токтогул көч., 265 - (03922) 51253
  • Жалал-Абад областтык башкармалыгы, Жалал-Абад ш., Эркиндик көч., 13 - (03722) 23884
  • Талас областтык башкармалыгы, Талас ш., Бердике Баатыр көч., 291 - (03422) 52377
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү, Баткен ш., Т.Садыков көч., 3 - (03622) 50446

Урматтуу кардарлар!

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын жетекчилиги көп банктардын ичинен KICBни тандап алганыңар үчүн терең ыраазылыгын билдирет. Банк өз алдынча иш алып баруу принцибин так сактоо менен банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү кандай болбосун маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө дайым даярдыгын билдирет.

Ушул максатта кардарларды кабыл алуунун төмөнкүдөй ыңгайлуу графиги түзүлгөн:

  • Сатывалдиев Улан Орузбаевичтин (Башкарманын мүчөсү / Бизнес ишмердүүлүк жетекчиси) кабыл алуусу Чекене тейлөө борбору бөлүмүндө жүргүзүлөт:
    шейшемби, бейшемби күндөрү саат 17.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат.
  • Операция башкармалыгынын начальниги же Банк бөлүмүнүн жетекчиси:
    шейшемби, бейшемби күндөрү саат 17.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат.



Кайрылуу байланыш