Акча которуулар

Ишенимдүү, арзан жана тез которуу ыкмасы

Акча которуулар
Акча которуулар
Акча которуулар
Золотая корона

Золотая корона

  • Дүйнөнүн 52 өлкөсүндө 58 миңден ашык пункт. Сервистин катышуучулары: 300дан ашык банк, почта операторлору жана ири соода тармактары.

  • Тиркемеде же сайтта картка которууну алуу. Ыңгайлуу берүү пунктунда нак түрдө алуу.

  • Жагымдуу тарифтер  0 % баштап.

  • Дарексиз которуулар. Акча жөнөтүүдө сиз которууну жөнөтө турган өлкөнү жана калктуу пунктту гана көрсөтсөңүз жетиштүү, ал эми алуучу ага ыңгайлуу берүү пунктун өзү тандайт.

Western Union

Western Union

  • 200дөн ашык өлкөдөгү 500 000ден ашык бөлүм

  • АКШ доллары менен которуу мүмкүнчүлүгү.

  • Которууну Алуучунун өлкөсүндө «Western Union» системасынын пунктунда алууга болот

  • Акчаны аларды жөнөткөндөн кийин саналуу мүнөттөн кийин алууга болот

МаниСтрим

– бул, KICBнин Кыргызстан боюнча филиалдар ортосунда акча которуунун ишенимдүү системасы.

Бул системадан пайдалануу кандай артыкчылыктарды сунуштайт?
  • Акча каражаттарын KICBнин башка филиалдары жана бөлүмдөрү ортосунда эсептешүү эсебинен сыяктуу эле, алуучунун атына эсеп ачуусуз эле которуу; 
  • Которуу үчүн комиссиялык төлөм кайсы болбосун валютадагы суммадан 0,1% (минимум 50 сом);
  • АКШ доллары 0,5% (минимум USD 5)
  • Чет өлкө - 0,1% min EUR 2, RUR 40;
  • Которуу ылдамдыгы– 10 мүнөткө чейин;
  • Которулган акчаны банктын филиалдарынан алууга болот;
  • Алуучу эч кандай чыгымга дуушар болбойт;
  • «МаниСтрим» системасыныноператору акча которууга/алууга билдирмелерди өзү толтурат
  • которуулар сом, АКШ долларында, евродо жана рублде ишке ашырылат.

MoneyStream тутуму аркылуу валюталар боюнча жөнөтүлгөн бир акча которуунун максималдуу суммасы, которуу үчүн комиссияны эсепке албаганда:

  • 1 000 000 (бирмиллион) сом;
  • 10 000 (он миң) АКШ доллар;
  • 10 000 (он миң) евро;
  • 800 000 (сегиз жүз миң) Россия рубли.

Акча которуу же которулган акчаны берүү KICB-нин баардык бөлүмдөрүндө тейлөөгө алынат.