Облигациялар

Облигациялар
Облигациялар
Облигациялар

KICB биринчи жолу фонд рыногуна 2013-жылы чыккан. Облигациялардын 6 чыгарылышын ийгиликтүү жайгаштырган.

Облигация деген эмне?

Облигация – бул банктык депозитке пайдалуу альтернатива болуп саналган карыздык баалуу кагаздар. Облигацияны сатып алуу менен Сиз акчаңызды Банкка белгилүү бир мөөнөткө бересиз (3 жылга чейин). Төлөө күнү Банк Сиз салган сумманы толук кайтарат, ал эми зарыл болгондо облигацияңызды мөөнөтүнөн мурда сатып алат.

KICB облгиациялары «Кыргыз фонд биржасы» ЖАКда кийинки эң жогорку листинг категориясына киргизилген.

Облигациялар боюнча пайыздар төмөндөгү жолдордун бири менен ар бир 3 ай сайын төлөнөт:

  • банктык картка же KICBда же башка банкта ачылган эсептешүү эсебине которуу менен;
  • ЭЛСОМ электрондук капчыгына;
  • KICB банкында ачылган топтолуучу депозитке.

KICB облигациялары боюнча кирешелерге салык салынбайт.

Инвесторлор салынган акчаны мөөнөтүнөн мурда кайтарып бере алышат.

Ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк:

  • Салымдардын суммасы боюнча лимиттер жана чектөөлөр жок
  • 1 000 сомдон баштап инвестициялоого болот
  • Аларды жайгаштыруу мезгилинде облигацияларды кошумча сатып алуу мүмкүнчүлүгү
  • Облигациялардын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда сатуу мүмкүнчүлүгү.

Облигацияны кайдан сатып алсам болот?

  • каалаган KICB бөлүмүндө
  • Андеррайтер аркылуу - «СЕНТИ» финансылык компаниясы ЖЧК.