1.       Жалпы жоболор


«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКта

«KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасынын купуялуулук саясаты




 

1.1.   Ушул Купуялуулук саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана

«KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасынын колдонуучуларына (мындан ары –

«Колдонуучу») – «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (мындан ары – «Банк») кардарларына арналган.

1.2.   Ушул Купуялуулук саясаты алуу жолдорун, чогултула турган жеке маалыматтардын тизмесин, аларды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү максатын, Колдонуучулардын жана Банктын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасын (мындан ары – «KICB» системасы) колдонуу убагында Колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Банк тарабынан берилүүчү чаралар тизмегин аныктайт.

1.3. Ушул Купуялуулук саясаты таанышуу үчүн төмөнкү даректе Интернет тармагында Банктын расмий веб- сайтында жеткиликтүү: www.kicb.net

1.4.    Ушул документтин максатында Колдонуучу «KICB» системасын пайдалангандан алынган «KICB» системасынын Колдонуучусу жөнүндө жеке маалыматтар, Колдонуучунун «KICB» Системасы жөнүндө маалыматтар купуя маалымат деп таанылат.

2.       Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдук алуу

 

2.1.   Купуя маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү түзүлгөн келишимдин же ««Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКта «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасын камсыз кылуу жана пайдалануу эрежелери» (мындан ары – «Келишим») акцептинин алкагында гана жүргүзүлөт. Келишимди түзүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

2.2.    Келишимдин шарттарын акцепттөө менен жана «KICB» системасын колдонуу менен, Колдонуучу

«KICB» системасын пайдалануу процессинде Банк тарабынан пайдаланылган купуя маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү шарттары менен макул болот.

3.       Чогултулган жеке маалыматтардын тизмеги

 

3.1.   Бул Купуялуулук саясаты бардык жеке маалыматтарга жана Колдонуучулар Келишимди акцепттөөдө берген, ошондой эле «KICB» системасы боюнча кызмат көрсөтүү процессинде, анын ичинде башка уюмдар менен өнөктөштүктө Банк тарабынан алынган башка маалыматка жайылтылат.

3.2. Банк Колдонуучулар жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды колдонушат:

 

3.2.1.    Каттоо процессинде Колдонуучу Банкка берген идентификациялык маалыматтар. Мындай маалыматтарга төмөндөгүлөр кирет:

Жеке жактар: ФАА, туулган күнү, дареги, өздүгүн ырастоочу документтин маалыматтары (аталышы, сериясы, номери, документ берилген күн, документти берген орган), телефон номери, электрондук почта дареги, жынысы, ошондой эле Банк тарабынан талап кылынган башка маалымат;

Патенттин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкер катары ишкердик ишин жүргүзүүчү жеке жактар: мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары: СИН, юридикалык дареги, ИУЖК коду, каттоо номери; ишкердик ишин жүргүзүүгө патенттин маалыматтары,




уюмдаштыруучу/жетекчи жөнүндө маалыматтар, телефон номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Банк талап кылган башка маалымат;

Юридикалык жактар: мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары: юридикалык жактын аталышы, СИН, юридикалык дареги, ИУЖК коду, каттоо номери; жетекчисинин өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ жана юридикалык жакка карата анын ыйгарым укуктары, уюмдаштыруучу жөнүндө маалыматтар, телефон номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Банк талап кылган башка маалымат;

3.2.2.      Мобилдик түзмөк жана аны пайдалануу жөнүндө маалыматтар. Банк төмөнкүдөй Колдонуучунун түзмөгү жөнүндө маалыматты чогултат: мобилдик түзүлүштүн модели жана аталышы, операциялык системасы жана версиясы, IMEI коду, телефон номери, IP дареги ж.б.;

3.2.3. Операциялар боюнча маалыматтар. Банк ар кандай жетүү каналдары аркылуу Колдонуучунун

«KICB» системасы аркылуу жасалган Колдонуучунун операциялары жөнүндө маалыматтарга (анын ичинде, бирок чектелбестен Колдонуучу операция жүргүзүүдө киргизген маалыматтар, операциянын суммасы, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн аталышы, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн абонентинин өздүк эсебинин номери ж.б.) жетүү мүмкүндүгүнө ээ болот.

3.3.   «KICB» системасы боюнча кызмат көрсөтүү максатында чогултулган жеке маалыматтардын тизмеги толук болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Банк тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

3.4. Ушул Купуялуулук саясаты үчүнчү жактарга таандык болгон маалымат ресурстарында чогултулган же Колдонуучу тарабынан кимдир бирөөгө оз алдынча ар кандай байланыш каналдарын колдонуу аркылуу берилген маалыматка жайылтылбайт. Үчүнчү жактардын маалымат ресурстарын колдонуп баштагандан жана аларга жеке маалыматтарды берүүдөн мурда сунушталат:

3.4.1.   «KICB» системасынын колдонуучусу коопсуздук жана Келишимде берилген Колдонуучулар үчүн жеке маалыматтарды сактоо эрежелерин сактоого милдеттенет;

3.4.2.       «KICB» системасынын колдонуучусу үчүнчү жактарга таандык болгон маалымат ресурстарынын купуялуулук саясатын кылдат изилдөөгө жана купуя маалыматты жайылтууга этияттык менен мамиле кылууга милдеттенет.

4.       Купуя маалыматты чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү максаттары

 

4.1.   Банк жеке маалыматтарды төмөнкү максаттарда чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана берүүнү жүзөгө ашырат:

4.1.1.     «KICB» системасы боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө Колдонуучу менен Келишимдин шарттарын аткаруу;

4.1.2.     Банктын банктык кызматтарын, Банктын өнөктөштөрүнүн жана Банктын өкүлдөрүнүн кызматтарын, анын ичинде Банкка үчүнчү жактар жана Банк үчүнчү жактарга көрсөткөн кызматтарды көрсөтүү;

4.1.3. Көрсөтүлүүчү кызматтардын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;

 

4.1.4.   Колдонуучулардын сынактарга, акцияларга жана Банктын жарнама кампанияларына, анын ичинде социалдык тармактарда катышуусу;

4.1.5. мобилдик тиркеме, веб-ресурстар, SMS билдирүүлөр, PUSH билдирүүлөр, электрондук почта, телефон, почта жана Банк тарабынан өз алдынча аныкталган, башка жеткиликтүү жолдор аркылуу Колдонуучулардын муктаждыктарын, каалоолорун жана кызыкчылыктарын аныктоо жана болжолдоо, арзандатууларды берүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча акцияларды өткөрүү, Банктын, өнөктөштөрдүн жана башка иш-чаралардын жарнамасы;




4.1.6. Жаңы өнүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана сунуштоо, Колдонуучуларга кызмат көрсөтүү шарттарынын, аларды көрсөтүү жана тейлөө тартибинин өзгөрүшү жөнүндө маалымдоо;

4.1.7.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга, ошондой эле башка мыйзамга каршы иш-аракеттерге каршы аракеттенүү;

4.1.8.   Колдонуучуларды «KICB» системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана Банктын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу менен байланыштуу алдамчылык иш-аракеттерден максималдуу коргоо;

4.1.9. Ички жана тышкы Колдонуучуларга отчеттуулук берүү;

 

4.1.10. Банктын алдындагы карызды өндүрүп алуу;

 

4.1.11.   Банктын жана үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруусу;

4.1.12. Банк эгерде жеке маалыматтар атайлап Колдонуучу тарабынан берилсе, же Колдонуучунун күнөөсүнөн улам үчүнчү жактарга атайлап эмес белгилүү болсо жоопкерчилик тартпайт.

5.       «KICB» системасын Колдонуучунун укуктары

 

5.1. «KICB» системасын колдонуучу укуктуу:

 

5.1.1. Маалыматтарды өзгөртүүгө:

 

Колдонуучунун жеткиликтүү жеке маалыматтарын өзгөртүү Банктын жол-жоболоруна жана талаптарына ылайык мындай маалыматтардын өзгөрүшүн тастыктаган документтерди берүү менен Колдонуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт;

5.1.2.   Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдукту артка чакыртып алууга:

Колдонуучу каалаган убакта Банктын бөлүмүнө жазуу жүзүндө арыз менен (эркин формада) кайрылуу аркылуу өз макулдугун артка чакыртып алууга укуктуу. Бирок Банктын «KICB» системасы боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн жеке маалыматтардын болушу талап кылына турганын эске алуу керек. Мындай учурда Колдонуучунун макулдукту артка чакыртып алуусу Банктын жана анын өнөктөштөрүнүн жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүсүн токтотууга алып келет;

5.1.3. Даттануулар жана сунуштар:

 

Колдонуучу даттануу менен кайрылууга жана жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү тартиби жөнүндө өз сунушун киргизүүгө укуктуу. Банк бул суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максималдуу кыска мөөнөттө карайт жана жооп берет.

6.       Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөтү

 

6.1.   Колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынган сактоо мөөнөттөрүн эске алуу менен Келишим боюнча чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана берүү максаттарына жетүү үчүн Банкка керектүү убакыт ичинде жүрөт.

7.       Купуя маалыматтарды коргоо боюнча Банк тарабынан көрүлгөн чаралар

 

7.1.      Банк купуя маалыматтарды уруксатсыз же кокусунан жетүү мүмкүндүгүнөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле авторизацияланбаган адамдардын алар менен болгон башка мыйзамсыз иш-аракеттеринен уюштуруучулук жана техникалык коргоо чараларын киргизет, коштойт жана үзгүлтүксүз жакшыртат.



7.2.     Банктын кызматкерлеринин жана башка жооптуу адамдардын купуя маалыматтын коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерчилигин бекемдөө саясатта, жоболордо, кызматтык нускамаларда, тиешелүү келишимдерде жана купуя маалыматты жарыялабоо жөнүндө макулдашууларда жоопкерчиликтүү аныктоо аркылуу камсыздалат. Купуя маалыматты жарыялоо жана ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

7.3.     Банк Колдонуучунун купуя маалыматын үчүнчү жактардын мыйзамсыз жетүү мүмкүндүгүнөн, пайдалануусунан, көчүрүүсүнөн жана жайылтуусунан коргоо жана сактоо үчүн Банктан көз каранды болгон бардык уюштуруу жана техникалык чараларды көрөт.

8.       Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү

 

8.1.     Маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Банк тарабынан жөнгө салынат.

8.2.      Өнөктөштөргө жеке маалыматтарды берүү берилүүчү маалыматтардын мыйзамдуулугу жана купуялуулугу принциптерине негизделет. Ар бир өнөктөш менен Колдонуучулардын купуя маалыматтарын жана башка купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө шарттар менен келишим түзүлөт. Өнөктөш менен келишимде Колдонуучулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугу жок же башка мыйзамдуу негиздер жок жайылтууга жол бербөө боюнча талап каралат.