«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКта «KICB»/

«KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасын камсыз кылуу жана пайдалануу эрежелери

 

 

 

1.       Терминдер жана аныктамалар

Банк – «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАК.

Кардар – ушул Эрежелерге ылайык «KICB»/ «KICB BUSINESS» интернет-банкинг системасына кошулган жеке адам/жеке ишкер/юридикалык жак.

Эсеп – Банк менен Кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кардар үчүн ачылган банктык эсеп.

«KICB»/ «KICB BUSINESS» банктык алыстан тейлөө системасы (мындан ары – «KICB» системасы) – Кардар үчүн иштелип чыккан, компьютер, мобилдик телефон же интернетке кошулган башка түзмөк аркылуу банктык эсептерди алыстан башкаруу боюнча кызматтардын топтому. Төмөнкү кызматтарды камтыйт:

• Интернет-банкинг – Кардарга берилген веб-браузер аркылуу алыстан тейлөө каналы;

• Мобилдик банкинг –Кардарга берилген мобилдик тиркеме аркылуу алыстан тейлөө каналы. Банктык алыстан тейлөө – Банк Кардарга сунуштаган, банктык операцияларды «KICB» системасы аркылуу, Банкка келбестен, жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

Жеке кабинет –колдонуучуга өзүнүн банктык эсептерине кирүү жана банктык эсептерин алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген веб-сайттын бөлүмү.

Авторизациялоо маалыматтары – «KICB» системасына кирүүдө Кардарды аныктоо үчүн Банк тарабынан колдонулган логин, пароль, One Time Password, ПИН-код жана Кардардын биометрикалык маалыматтары.

Кардарды аутентификациялоо – авторизациялоо маалыматтарынын негизинде, Кардар тарабынан берилген идентификатордун (логин, пароль, биометрия, ПИН-код ж.б.) аныктыгын текшерүү.

Логин – «KICB» системасында Кардардын аныктыгын текшерүү үчүн колдонулган уникалдуу электрондук аты/идентификатору. Кардар «KICB» системасына туташкан учурда, логин алгач Банк тарабынан түзүлөт. Кийинчерээк аны Кардар өз алдынча өзгөртө алат.

Пароль – «KICB» системасында Кардарды аутентификациялоо үчүн колдонулган белгилердин уникалдуу ырааттуулугу.

One Time Password (мындан ары – OTP-код) – Кардардын мобилдик телефонуна SMS аркылуу жөнөтүлгөн, же Google Authenticator мобилдик тиркемеси тарабынан түзүлгөн, же токен тарабынан түзүлгөн Кардарды аутентификациялоо же операцияларды авторизациялоо үчүн колдонулуучу бир жолку пароль.

ПИН-код – мобилдик тиркемеде Кардарды аутентификациялоо үчүн колдонулуучу белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Кардардын биринчи ийгиликтүү аутентификациялоосунан кийин, ПИН-код логиндин жана паролдун ордуна колдонулат (эгер аппараттык түзмөктө пароль же биометрия жок болсо).

Биометриялык маалыматтар – Кардарды аутентификациялоо үчүн колдонулган Кардардын манжасынын изин же жүзүн мобилдик телефон аркылуу таануу функциясы. Ал ПИН-коддун ордуна колдонулушу мүмкүн (эгер Кардардын мобилдик телефону ушундай фнкционалды колдосо).

Google Authenticator – Кардардын мобилдик телефонуна орнотулган, OTP кодун жаратуучу мобилдик тиркеме.

Токен – OTP-кодун жаратуучу физикалык түзмөк.

Push-билдирүү – Банк тарабынан Кардардын мобилдик тиркемеси орнотулган мобилдик түзмөгүнө Интернет тармагы аркылуу жөнөтүлгөн билдирүү.

Тарифтер – көрсөтүлгөн кызматтар үчүн Банк тарабынан белгиленген жана алынуучу төлөм чени. Учурдагы Тарифтер Кардарга www.kicb.net сайтына маалымат жайгаштыруу аркылуу жеткирилет.

Өтүнүч кат – Кардар, «KICB» системасын колдонуу үчүн, Банк тарабынан бекитилген форма боюнча кол коюп, Банкка өткөргөн өтүнүч кат.

Операция – Банк тарабынан Кардардын буйругу боюнча жүргүзүлгөн банктык операциялар.

Кардардын Буйругу – Кардардын, ушул Эрежелерде жана «KICB» системасынын функционалында каралган банктык операцияларды жүргүзүү боюнча Банкка берген көрсөтмөсүн камтыган электрондук төлөм документи.

Авторизацияланган иш сеансы – Кардардын «KICB» системасындагы иштөө мөөнөтү. Ал Кардарды аутентификациялоо жол-жобосу менен башталып, системадан чыгуу менен аяктайт.

Ыйгарым укуктуу жак – Кардар тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте Кардардын эсептерин башкарууга, Кардардын атынан жана анын эсебинен ошол эсептердеги акча каражаттарын колдонууга, Кардардын эсеби боюнча операцияларды жүргүзүүгө, Кардардын эсептериндеги калдыктар жөнүндө маалымат алууга жана Кардардын эсептери аркылуу акча каражаттарынын агымы жөнүндө көчүрмөлөрдү алууга ыйгарым укук берилген адам.




Конфиденциалдуу маалымат – Банк, Кардар же Ыйгарым укуктуу жак тарабынан банктык алыстан тейлөө кызматын колдонуу убагында алынган, берилген жана колдонулган ар кандай маалымат, анын ичинде Авторизациялоо маалыматтары жана банктык сырды түзгөн маалыматтар.

Көз салып текшерүү – операция кылуу мүмкүнчүлүгү жок «KICB» системасына кирүү.

Системадан пайдаланууга толук мүмкүн - операция кылуу мүмкүнчүлүгү бар «KICB» системасына кирүү.

Тарап – Банк же Кардар.

Тараптар – Банк жана Кардар.

 

2.       Жалпы жоболор

2.1.    Ушул Эрежелер айкын оферта болуп саналат - Банктын ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарда

«KICB» системасы аркылуу банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү сунушу.

«KICB» системасы аркылуу банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүү жөнүндө келишим, Кардар Өтүнүч катка кол коюп, аны тапшырган учурдан тартып күчүнө кирген болуп эсептелет.

Ушул Эрежелер Өтүнүч каттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анын негизги шарттарын камтыйт жана экөө биргелешип «KICB» системасы аркылуу банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүү жөнүндө бирдиктүү келишими болуп саналат.

Ушул Эрежелер Банктын, интернет тармагын колдонуу менен, «KICB» системасы аркылуу, Кардарга өзүнүн Эсебине аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу тартибин жана шарттарын аныктайт, ошондой эле ушул Эрежелердин алкагында келип чыккан Кардар менен Банктын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

2.2.     Өтүнүч катка кол коюп, Банкка тапшыруу менен, Кардар ушул Эрежелерге кошулууга жана Эрежелердин шарттарын жана талаптарын кабыл алууга шартсыз жана толук макулдугун билдирет.

2.3. Эрежелерди Кардар дагы, Банк дагы аткарууга милдеттүү.

2.4. Өтүнүч катка кол коюп, Банкка тапшыруу менен, Кардар төмөнкүлөрдү ырастайт:

2.4.1.     Банкка Өтүнүч кат берилгенге чейин, Кардар ушул Эрежелер жана Банктын көрсөтүлгөн кызматтарына тиешелүү Тарифтер менен таанышып, аларга макул болгон. Банктын кызматтары үчүн, алардын көлөмүнө жана колдонуудагы тарифтерге ылайык, ушул Эрежелерде каралган шарттарда төлөп берүүгө милдеттенет. Ушул Эрежелердин шарттарын жана талаптарын аткарууга милдеттенет, Банктын Тарифтериндеги жана ушул Эрежелердеги өзгөрүүлөрдү Банктын www.kicb.net сайты аркылуу көзөмөлдөөгө, аларды аткарууга милдеттенет;

2.4.2.     Кардар, Банк ушул Эрежелерди бир тараптуу түрдө өзгөртүүгө же толуктоого, Банктын Тарифтерин өзгөртүүгө же жаңы тарифтерди белгилөөгө укуктуу экендигинен кабардар жана мындай шарттарга макул. Мындай жагдайларда, Банк www.kicb.net веб-сайтына аталган документтердин жаңы редакцияларынын электрондук версияларын жайгаштыруу жолу менен Кардарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, алар күчүнө кирээрден 10 (он) календардык күн мурун (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан жана, Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына ылайык, күчүнө эртерээк кире турган өзгөртүүлөр же толуктоолордон тышкары) маалымдоого тийиш;

2.4.3.    Кардар ушул Эрежелерде каралган, банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүүгө тиешелүү коопсуздук талаптары жана «KICB» системасында жайгаштырылган коопсуздук боюнча рекомендациялар менен таанышып, алрды аткарууга милдеттенет.

2.5. Ушул Эрежелерге кошулган Кардар, ушул Эрежелерде каралган бардык укуктарды, милдеттенмелерди, жана аларга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өзүнө алат.

2.6.   Кардар «KICB» системасына кирип, кызматтарды алаардан мурда, Банктын www.kicb.net сайтында жайгаштырылган ушул Эрежелердин учурдагы редакциясы менен таанышууга тийиш.

2.7.     «KICB» системасына кошулуп жатып, Кардар кызматтарды Интернет тармагы аркылуу алууга, Интернет тармагы коопсуз байланыш каналы эмес экендигин түшүнүп, макулдугун берет, жана ушул Эрежелерге кошулган Кардар төмөндөгү тобокелдиктердин бардыгын өз мойнуна алат:

2.7.1.     мындай байланыш каналын пайдалануудан келип чыккан тобокелдиктерди, анын ичинде Кардардын Авторизациялоо маалыматтары үчүнчү жактарга жеткиликтүү болуп калышы, жана




Кардардын Эсеби (Эсептери) боюнча үчүнчү жактар тарабынан чыгыштоо операциялары жана башка операциялардын аткарылышы, жана Кардардын Эсебин (Эсептерин) башкаруу боюнча башка иш- аракеттердин аткарылышы;

2.7.2.        өзүнүн техникалык каражаттарын Интернет тармагына туташтырууга байланыштуу тобокелдиктерди – Кардар өзүнүн техникалык каражаттарын уруксатсыз кирүүдөн жана зыяндуу программалардан коргоону өз алдынча камсыз кылат;

2.7.3.     Кардар, банктык кызматтарды Интернет тармагы аркылуу аралыктан пайдалануудан жана кесепчилик, хакердик, вирустук чабуулдардан келип чыккан бардык мүмкүн болгон жоготууларды, чыгашаларды, зыяндарды ж.б. өз мойнуна алат, жана мындай учурларда Кардар Банкка каршы эч кандай дооматтарды койбостугуна кепилдик берет, анткени Банк мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө Кардарга алдын ала толугу менен маалымдаган. Ушуну менен Кардар, Эсепти (Эсептерди) башкаруу, Эсептеги (Эсептердеги) акча каражаттарын башкаруу жана аралыктан банктык тейлөө кызматтары аркылуу төлөмдөрдү жана Оперцияларды жүргүзүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өзүнө сунушталышынын демилгечиси экендигин кабыл алат жана тастыктайт. Ошондой эле, ушуну менен Кардар, үчүнчү жактар Кардардын жеке компьютерин, мобилдик телефонун колго түшүргөндүгүнөн, Авторизациялоо маалыматтарын уурдагандыгынан, же Кардар коопсуздук жол- жоболорун сактабагандыгынан келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттер үчүн Банкты кандайдыр бир жоопкерчиликтен бошотоорун кабыл алат жана тастыктайт. Мындай учурларда Банк кардардын алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

2.8.    «KICB» системасын колдонууда, Кардар тарабынан төлөнө турган комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмдөрү Банктын Тарифтерине ылайык аныкталат. Кардар ушул Эрежелерде аныкталган шарттарда, аралыктан пайдаланылган банктык кызматтар үчүн Банктын Тарифтерине ылайык төлөөгө милдеттенет.

2.9.   Кардар, талаштуу Операциялар аткарылбаган шартта, Кардардын Операцияларын аткарууга катышкан үчүнчү банктардын жана Банктын кызматтары боюнча карыздары, Банктын алдында аткарылбаган башка милдеттенмелер жана Кардардын жана анын Эсептеринин аралыктан тейлөөгө тиешелүү Банктын башка дооматтары болбогон шартта, Банкка тийиштүү өтүнүч катты берүү жолу менен «KICB» системасын пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

2.10.   Ушул Эрежелерде белгиленген тартипте Банкка келип түшкөн «KICB» системасына кирүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар Тараптар тарабынан Кардардан келип чыккан деп таанылат, жана Банк тарабынан мындай тыюу салуулардын кесепеттери боюнча дооматтар кабыл алынбайт, ал эми Кардар буга шартсыз макулдугун билдирет.

 

3.       «KICB» системасына кирүү жана аны колдонуу тартиби

3.1.    Банк Кардарга «KICB» системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн Кардардын жазуу жүзүндөгү Өтүнүч катынын негизинде берет. Өтүнүч катты Кардар «Улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк эсебин ачуу жана тейлөө боюнча келишимди» же «Карта кармоочуну кошуу келишимин» түзүү убагында жана ушул Келишимдердин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде бере алат.

3.2. «KICB» системасын пайдалануу укугу Банк тарабынан Кардардын жеке өзүнө же Кардардын Ыйгарым укуктуу адамдарына гана берилет.

3.3.       Алгач, Пароль «KICB» системасына кошулган убакта Банк тарабынан иштелип чыгат. Аутентификациялоодон ийгиликтүү өткөн соң, Кардар Паролду, паролдорго коюлган талаптарды эске алуу менен, каалашынча өзгөртө алат.

3.4. OTP-коду Кардардын мобилдик телефонуна SMS аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, же Google Authenticator мобилдик тиркемеси же Токен аркылуу иштелип чыгышы мүмкүн.

3.5. OTP-кодун алуу ыкмасын Кардар Банкка Өтүнүч катын өткөрүү учурунда тандай алат, андан кийин өз каалоосу менен өзгөртө алат.

3.6.    Кардар «KICB» системасына Интернет тармагы аркылуу веб-браузерди жана мобилдик тиркемени колдонуу менен кире алат. Кардар веб-браузерлердин эң акыркы версияларын колдонууга тийиш. Тиркемени iOS жана Android мобилдик операциялык системалары колдойт.

3.7.      Авторизацияланган иш сеансынын чегинде «KICB» системасы аркылуу жүргүзүлгөн бардык Операциялар Тараптар тарабынан сөзсүз жана шартсыз түрдө Кардардын өзү же анын Ыйгарым укуктуу




адамы тарабынан жүзөгө ашырылган деп таанылат, жана Кардар мындай Операциялар үчүн толук финансылык жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

3.8.   «KICB» системасында, Авторизацияланган иш сеансынын чегинде аткарылган бардык маалымат алуу же Операцияларды аткаруу боюнча иш-аракеттер Тараптар тарабынан сөзсүз жана шартсыз түрдө Кардардын өзү же анын Ыйгарым укуктуу адамы тарабынан жүзөгө ашырылган деп таанылат, жана Кардар мындай Операциялар үчүн толук финансылык жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

3.9.   Кардар «KICB» системасы аркылуу Операцияларды этияттык менен жүргүзүүгө тийиш, ошондой эле ниеттелбеген же кокустан аткарылган Операцияларга мүмкүн болушунча жол бербөө үчүн акылга сыярлык чараларды көрүүгө тийиш. Авторизацияланган иш сеансынын чегинде жүргүзүлгөн бардык Операциялар, анын ичинде товарлардын/кызматтардын акысын төлөө, которуулар жана төлөмдөр, Кардардын буйругу менен аткарылган жана ал тарабынан тастыкталган деп эсептелет.

 

4.       Коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар жана купуялуулук

4.1. Бул бөлүмдө «KICB» системасын колдонуу учурунда коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин камсыз кылуу үчүн Кардар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу эрежелер аныкталат. Ошондой эле, бул бөлүм Кардар тарабынан аткарылган Операцияларда кардардык маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылган иш-чаралардын тизмесин камтыйт.

4.2.   Авторизацияланган иш сеансынын убагында аткарылган иш-аракеттердин жана окуялардын бардыгын Банктын маалымат базасында сактоо укугуна Банк ээ экендигин Кардар тааныйт, ал эми Банк мындай укукту жүзөгө ашырат.

4.3. Кардардын «KICB» системасын колдонуусуна байланыштуу маалыматтык коопсуздук Банк тарабынан төмөнкү чараларды көрүү менен камсыз кылынат:

4.3.1. ар бир Кардарга милдеттүү түрдө уникалдуу Логин берүү;

4.3.2.    үчүнчү жактар үчүн Пароль жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу ыкмалар менен милдеттүү түрдө Паролду иштеп чыгуу;

4.3.3. Паролдун татаалдыгын камсыз кылуу боюнча талаптарды коюу;

4.3.4. Пароль туура эмес киргизилген учурда, аны кайрадан киргизүү аракеттеринин санын чектөө;

4.3.5. ПИН-код туура эмес киргизилген учурда, аны кайрадан киргизүү аракеттеринин санын чектөө;

4.3.6.   Операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүдө, ошондой эле веб-версиясыда аутентификациялоо учурунда, OTP-кодун милдеттүү түрдө киргизүү;

4.3.7.        мобилдик     тиркеме     үчүн,     Кардардын    Биометриялык     маалыматтарын   Авторизациялоо маалыматтары катары колдонуу, эгер Кардардын түзмөгү мындай функционалды колдосо;

4.3.8. OTP-кодунун максималдуу жарактуулук мөөнөтүн белгилөө;

4.3.9. «KICB» системасынын тиркемеси түзүлүштө системалык тиркемелерди манипуляциялоо үчүн өндүрүүчүнүн же байланыш операторунун чектөөлөрүн алып салган жана администратордун укуктарын талап кылган тиркемелерди (руут «root» жана/ же джейлбрейк «jailbreak») ишке киргизүү

мүмкүнчүлүгүн берген, мобилдик түзүлүштүн операциялык системасына жана бардык функцияларына толук жетүү укуктарын аныктаганда, Кардардын мобилдик түзүлүшүндө (мобилдик телефон жана/же Банктын тиркемесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген башка түзүлүштө) «KICB» системасынын мобилдик тиркемесинин иштөөсүнөн баш тартылат;

4.3.10.     Банк тарабынан «KICB» системасынын маалыматтык коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жолдору катары белгиленген башка ыкмалар.

4.4.   «KICB» системасын колдонуу учурунда, Кардар төмөнкү маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуучу чараларды көрүүгө тийиш:

4.4.1.   Кардар Логинди, Паролду, OTP-кодду жана PIN-кодду купуя сактоого тийиш. Авторизациялоо маалыматтарын үчүнчү жактарга оозеки же жазуу түрүндө берүүгө катуу тыюу салынат;




4.4.2. Кардар Паролду регулярдуу түрдө өзгөртүп турууга тийиш;

4.4.3. Эгер Кардарда кичине болсо да шек жаралса же төмөнкүнү көрсөткөн фактылар аныкталса:

- Кардардын Авторизациялоо маалыматтарынын үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүгүн;

- үчүнчү жактардын «KICB» системасына Кардардын атынан кирүүсүнө;

-   OTP-коддору менен SMS-билдирүүлөрдү алуу максатында, Кардар тарабынан Банкка берилген мобилдик телефондун номери байланган мобилдик телефондун жана/же SIM-картанын жоголушуна (уурдалышына);

- токендин жоголушуна (уурдалышына);

- «KICB» системасын колдонуп, Кардардын Эсебине уруксатсыз кирүү аракеттерине;

анда Кардар жазуу түрүндөгү арыз же телефон аркылуу (сыр сөздү же башка тастыктоочу маалыматтарды (идентификациялык маалыматтардын тизмесин Банк белгилейт) айтуу зарыл) Банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү. Андан кийин. 5 (беш) календардык күндүн ичинде, бул талапты жазуу түрүндө (Кардардын колу жана мөөрү (эгер болсо) менен кагаз жүзүндөгү арыз) тастыктоого милдеттүү. Эгер Кардар жогоруда көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү тастыктоону 5 (беш) календардык күндүн ичинде бере албаса, анда бул мөөнөт Банк менен макулдашылып, өзгөртүлүшү мүмкүн;

4.4.4.    Кардар, маалымат сакталуучу түзмөктөргө жана киргизүү/чыгаруу түзмөктөрүнө көзөмөлсүз кирүү мүмкүнчүлүгүн берген резиденттик программаларды «KICB» системасына кирүү үчүн колдонулган түзмөктөргө жүктөөгө жол бербөөгө милдеттенет;

4.4.5.        Кардар «KICB» системасына кирүү үчүн колдонулган түзмөктөрдө антивирустук программаларды колдонууга, антивирустук программалык камсыздоо базасын жаңыртып турууга, операциялык системалар жана веб-браузерлер тарабынан чыгарылган коопсуздук боюнча жаңыланууларды дайыма орнотуп турууга милдеттенет;

4.4.6. Кардар системалык тиркемелерди манипуляциялоо үчүн өндүрүүчүнүн же байланыш

операторунун чектөөлөрүн алып салган жана администратордун укуктарын талап кылган тиркемелерди (руут «root» жана/ же джейлбрейк «jailbreak») ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген, мобилдик түзүлүштүн операциялык системасына жана бардык функцияларына толук жетүү мүмкүндүгүн алуу процессине дуушар болгон мобилдик түзүлүштөрдө (мобилдик телефон жана/же Банктын тиркемесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген башка түзүлүштө) Банктын тиркемесин колдонбоого милдеттенет.

4.5. Банк Кардарга Авторизациялоо маалыматтарын толугу менен же жарым-жартылай маалымдоо өтүнүчү менен билдирүүлөр жана телефон аркылуу кайрылбайт. Кардар, өз кезегинде, келип түшкөн оозеки (телефон чалуулар) же жазуу түрүндөгү Авторизациялоо маалыматтарын толугу менен же жарым-жартылай маалымдоо өтүнүчтөрүнө жооп бербөөгө милдеттенет. Ушундай өтүнүч келип түшкөн учурда, Кардар аны аткарбоого/жоопсуз калтырууга, жана ал жөнүндө Банкка мүмкүн болушунча эртерээк кабарлоого милдеттенет.

4.6.   «KICB» системасына кирүү жана аны колдонуу, анын ичинде кандайдыр бир Операцияларды аткаруу, ошондой эле маалыматтарды көрүү катталган Кардарларга гана уруксат. Кардардын өзүнүн Авторизациялоо маалыматтарын үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат, жана ушул Эрежелердин түздөн-түз бузулушу болуп саналат. Кардар өзүнүн Авторизациялоо маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүүнүн кесепеттерин толугу менен мойнуна алат. Эгер Кардардын өзүнүн Авторизациялоо маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталса, Банк өз каалоосу менен Кардардын «KICB» системасына кирүүсүн убактылуу токтотууга же Кардарга банктык тейлөө кызматтарын аралыктан көрсөтүүнү толугу менен бир тараптуу түрдө соттон тышкаркы тартипте токтотууга укуктуу.

 

4.7. Эгер Банкта «KICB» системасына Кардардын атынан уруксатсыз кирүүгө аракет жасалышы мүмкүн деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болсо, анда Банк, Кардарга эскертпестен, Кардардын «KICB» системасына кирүүсүн убактылуу токтотууга же чектөөгө, Кардарга «KICB» системасына кирүүнү камсыз кылуудан же жаңыртуудан баш тартууга укуктуу.

 

4.8.   Ушул Эрежелердин Кардар тарабынан бузулган факты аныкталса, Банк Кардардын аккаунтун жабуу менен, анын «KICB» системасына кирүүсүн токтото турууга укуктуу.

4.9.     Кардар, купуя маалыматтарды Интернет тармагы аркылуу жиберүү үчүнчү жактардын мындай маалыматтарга уруксатсыз ээ болуу тобокелдигин жаратышы мүмкүн экендигинен кабардар жана толугу менен түшүнөт. «KICB» системасына кошулуу менен, Кардар банктык кызматтарды Интернет тармагы аркылуу алууга макулдугун берет. Ошол эле учурда, Кардар, Интернет тармагы байланыштын жана маалымат берүүнүн коопсуз каналы эместигин, ошондой эле купуялуулукту бузууга байланыштуу бардык




тобокелдиктерди жана мындай байланыш каналын пайдалануудан келип чыгуучу башка тобокелдиктерди түшүнөт.

4.10. Кардар, «KICB» системасын колдонууда үчүнчү жактардын Кардардын эсептерине уруксатсыз кирүү, ошондой эле Операциялар жөнүндө маалыматтарга уруксатсыз ээ болуу коркунучу бар экендигин түшүнөт. Уруксатсыз кирүү, Кардардын жеке компьютеринин, мобилдик телефонунун үчүнчү жактар тарабынан колго алынышы, Авторизациялоо маалыматтарынын уурдалышы аркылуу мүмкүн болот.

4.11. Кардар ушул Эрежелердин талаптарын толугу менен аткарууга, ошондой эле «KICB» системасынын алкагында жүгүртүлүүчү маалыматтардын жана документтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттенет.

4.12.   Кардар өзүнүн техникалык каражаттарын (персоналдык компьютер, мобилдик түзмөк жана башка каражаттар) өз алдынча жана өз эсебинен Интернет түйүнүнө туташуусун камсыз кылууга, ошондой эле өзүнүн техникалык каражаттарын уруксатсыз кирүүдөн жана зыяндуу программалардан коргоого милдеттүү.

4.13.    Кардар ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн аралыктан банктык тейлөө кызматтарын коопсуз түрдө колдонуу эрежелерин бузган учурда, ошондой эле, кесепчилик операциялары, хакердик, вирустук чабуулдар орун алган учурда, Банк Кардардын Эсеби боюнча жүргүзүлгөн Операциялар үчүн жооп тартпайт.

 

5.       Операцияларды аткаруу

5.1.   «KICB» системасы менен иштөөдө Тараптар Бишкек убактысын (UTC+6) бирдиктүү убакыт шкаласы катары тааныйт.

5.2. Операциялар Банк тарабынан «KICB» системасы үчүн берилген тизменин негизинде жүргүзүлөт.

5.3.    Банк Кардар үчүн маанилүү болгон маалыматтар (Эсептин абалы, Эсептеги акча каражаттарынын кыймылы, насыя боюнча карыздар жөнүндө эскертүүлөр, Банктын жаңы кызматтары ж.б.) жөнүндө Кардарга SMS-билдирүүлөрү, электрондук почта билдирүүлөрү, push-билдирүүлөрү аркылуу кабарлоого укуктуу.

5.4.          Банк Интернет тармагын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кардарга төмөнкү кызматтарды/операцияларды сунуштайт:

5.4.1. Банктын ичиндеги которуулар;

5.4.2. башка банктарга улуттук валютадагы которуулар;

5.4.3. башка банктарга чет өлкө валютасындагы которуулар;

5.4.4. валюта конвертациясы;

5.4.5. кызматтар үчүн төлөмдөр (коммуналдык төлөмдөр ж.б.);

5.4.6. Кардарга жеткиликтүү болгон башка кызматтар/операциялар.

5.5.   Банк «KICB» системасы аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин өзгөртүүгө укуктуу. «KICB» системасы аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси Банк тарабынан өзгөртүлгөн учурда, Банк Кардарга, ушул Эрежелерде белгиленген тартипте маалыматты Банктын веб-сайтына жайгаштыруу менен, жана/же Кардардын электрондук дарегине маалыматтык билдирүүнү жиберүү менен, кабарлайт. Кардар өз ыктыяры менен аталган кызматтарды пайдаланууга же пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

5.6.     Акча каражаттарын Эсептин валютасынан айырмаланган валютада которуу (эгер Эсептеги акча каражаттарынын валютасы которулуучу акча каражаттарынын валютасынан айырмаланса), Операцияны жүргүзүү учурунда Банк тарабынан белгиленген валютаны алмаштыруу курсу боюнча жүргүзүлөт.

5.7.       Тараптар, «KICB» системасында таризделген электрондук төлөм документтери (Кардардын Буйруктары) Кардардан келип чыккан деп эсептешет, жана юридикалык жактан Банк Кардардан алган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кагаз бетинде түзүлгөн, Кардардын жеке кол тамгасы коюлган документке теңделет.

5.8.    Банк «KICB» системасы аркылуу Операцияларды аткарууга туруктуу же убактылуу чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. Банк Кардарга чектөөлөр жөнүндө төмөнкү жолдор менен маалымдайт:




5.8.1. Банктын веб-сайтына документтерди жана маалыматтарды жайгаштыруу;

5.8.2. Жеке кабинетке маалыматтык билдирүүлөрдү жөнөтүү;

5.8.3.    Кардарга маалымат алууга, жана маалыматтын Банктан келгендигин аныктоого мүмкүндүк берген, Банк каалаган бөлөк жолдор менен.

5.9. Банк Кардардын буйругун аткаруудан баш тартууга укуктуу:

5.9.1.     эгер Кардардын тиешелүү Эсебинде Операцияны жүргүзүү үчүн каражат жетишсиз болсо (комиссияны (эгер болсо) эске алуу менен);

5.9.2.    эгер «KICB» системасын колдонуу учурунда коопсуздук бузулгандыгы тууралуу шек туулса, ошондой эле, эгер Банктын Тапшырманын аткарылышы Банкка же Кардарга каржылык жоготууларды алып келүүсү мүмкүн деп эсептешине негиз болсо;

5.9.3.   эгер Операциянын суммасы «KICB» системасы аркылуу жүргүзүлүүчү Операцияларга тиешелүү чектөөдөн (чектөөлөрдөн) ашып кетсе, же Банктын Тарифтери тарабынан белгиленген чектөөлөгрө туура келбесе;

5.9.4.   эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынган кошумча документтерди Кардардын камсыз кыла албагандыгына байланыштуу Буйрукту кабыл алуу мүмкүн болбосо;

5.9.5.   эгер Буйруктун аткарылышы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларынын, ушул Эрежелердин, ошондой эле Кардар менен Банктын ортосунда түзүлгөн башка макулдашуулардын (келишимдердин) шарттарын бузууга алып келсе;

5.9.6. Кардардын Эсебине камак салынган болсо;

5.9.7.    Банк менен Кардардын ортосунда түзүлгөн келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

5.10.   Кардар өзүнүн Авторизациялоо маалыматтары, анын өздүгүн аныктоо жана анын Эсептери боюнча Операцияларды жүргүзүү укугун тастыктоо үчүн ылайыктуу жана жетиштүү экендигине макул.

5.11.     Кардар Банктык комиссияны Эсептин валютасынан айырмаланган валютада төлөгөндө, Банк тарабынан белгиленген валютаны алмаштыруу курсу боюнча жүргүзүлөт.

 

6.       Тараптардын укуктары жана милдеттери

6.1. Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

6.1.1.     Авторизацияланган иш сеансынын убагында түзүлгөн Кардардын буйруктарын Кардардын атынан жана анын эсебинен аткарууга;

6.1.2.   Кардарга «KICB» системасына кошулуу, аны пайдалануу жана Операцияларды аткаруу тууралуу консультация берүүгө;

6.1.3. «KICB» системасынын техникалык колдоосун жана тейлөөсүн камсыз кылууга;

6.1.4.   «KICB» системасын колдонуу убагында техникалык көйгөйлөр келип чыкса, аларды чечүү үчүн мүмкүн болгон бардык иш-аракеттерди жасоого. Ошол эле учурда, Кардар Банкка доомат коюуга укугу жок, жана, техникалык көйгөйлөрдү четтетилип жаткан мезгилде, Операцияларды кадимки ыкма менен, кагаз жүзүндө жүргүзүүгө же Кардардын буйруктарын Банкка өткөрүүнүн альтернативдүү ыкмасын колдонууги тийиш;

6.1.5.   «KICB» системасынын ишиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө Кардарга ушул Эрежелерде белгиленген тартипте кабарлоо;

6.1.6.     Кардардын эсептерин боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө банктык купуялуулукту сактоого жана алар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө;




6.1.7.     Кардардын жазуу жүзүндөгү өтүнүч катынын негизинде «KICB» системасын тосмолоого (юридикалык жактар үчүн гана). Кардардын оозеки түрүндөгү тосмолоо жөнүндө өтүнүч каты Кардардын өздүгү Банк тарабынан талаптагыдай тастыкталгандан кийин кабыл алынат – Кардар айтып берген сыр сөздүн же башка идентификациялык маалыматтардын негизинде (жеке адамдар үчүн);

6.1.8.   жеке системалардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана системалардын бузулушунун жана башка тышкы коркунучтардын алдын алуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;

6.1.9. ушул Эрежелерде каралган башка милдеттенмелерди аткарууга.

6.2. Банк төмөнкүлөргө укуктуу:

6.2.1.   ушул Эрежелерге бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө (анын ичинде, жаңы кызматтардын/кызматтардын/мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушуна байланыштуу), же Банктын www.kicb.net веб-сайтына ушул документтердин жаңы редакцияларынын электрондук версияларын жайгаштыруу аркылуу, өзгөртүүлөр же толуктоолор күчүнө кирээрден 10 (он) календардык күн мурун (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан, жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эртерээк күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөрдөн жана толуктоолордон тыкшары) Кардарга кабарлап, Банктын жаңы Тарифтерин орнотууга;

6.2.2.    төмөнкү учурларда, өз ыктыяры менен Кардардын «KICB» системасына кирүүсүн убактылуу токтотууга же чектөөгө; «KICB» системасына кирүүнү камсыз кылуудан же жаңыртуудан баш тартууга; белгилүү Операцияларды аткаруудан баш тартууга; бир тараптуу тартипте жана соттон тышкары банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүүнү толугу менен токтотууга же убактылуу токтото турууга:

6.2.2.1. Кардардын Банкка зыян келтирүү кара ниети бар экендигин так көрсөткөн иш-аракеттери аныкталган учурда;

6.2.2.2.     ушул Эрежелерде белгиленген «KICB» системасынын коопсуздук эрежелери жана шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары Кардар тарабынан бузулган фактылар аныкталган учурда;

6.2.2.3.   Кардардын Банк алдында төлөнө элек карызы, анын ичинде насыялар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы болгон учурда;

6.2.2.4.   «KICB» системасы аркылуу кызматтын наркын төлөө үчүн Кардардын кандай болбосун Эсебинде каражат жетишсиз болгон учурда;

6.2.2.5. Кардар ушул Эрежелердин шарттарын бузган учурда;

6.2.2.6. «KICB» системасында техникалык мүчүлүштүктөр пайда болгон учурда;

6.2.2.7.     программалык камсыздоону алмаштыруу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү учурунда;

6.2.2.8.   Банкта Кардарды тейлөө менен байланышкан талаштуу кырдаал келип чыккан учурда, талаш чечилгенге чейин;

6.2.2.9. ушул Эрежелерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;

6.2.3.   «KICB» системасы аркылуу Операцияларды аткаруу боюнча чектөөлөрдү бир тараптуу тартипте белгилөөгө жана өзгөртүүгө, техникалык жана башка чектөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле «KICB» системасын колдонуудан келип чыккан Кардардын жана Банктын тобокелдиктерин азайтуучу башка механизмдерди (анын ичинде, банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүүдө коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча кошумча уюштуруу-техникалык чараларды) ишке ашырууга;

6.2.4.    Кардардын макулдугусуз, буйрутмасысыз жана төлөм буйруктарысыз (акцептсиз тартипте), приоритеттик түрдө акча каражаттарын төмөнкү максаттарда Кардардын кандай болбосун Эсебинен алууга, буга Кардар өзүнүн шартсыз макулдугун билдирет:

6.2.4.1.     Кардарларды тейлөөгө жана Кардардын Эсеби (Эсептери) боюнча Операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү Банктын жана башка банктардын кызматтарынын акысын жана комиссияларды, «KICB» системасын колдонуу фактыларынын болушуна жана/же Кардардын




Эсебиндеги аракеттерге карабастан, учурдагы Банктын Тарифтерине ылайык, Операция аткарылган/кызмат көрсөтүлгөн күнү же Операция аткарылган/кызмат көрсөтүлгөн күндөн кийин башка бир убакта төлөө үчүн;

6.2.4.2.    Кардар менен иштиктүү мамилелерди түзүүдөн келип чыккан же Кардарга банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүүгө байланыштуу Банктын чыгымдарынын ордун толуктоо үчүн;

6.2.5.   Банкта Кардардын Эсеби (Эсептери) жабылган учурда, Кардардын «KICB» системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн токтоосуз жокко чыгарууга;

6.2.6.   зарыл болгон учурларда, Кардардан, кагаз бетинде, жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган жана Кардардын мөөрү басылган (эгер бар болсо), кызматты\операцияны жүзөгө ашыруу боюнча Кардардын Буйругун кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен даярдоону, Кардарга жазуу түруңдө билдирүү жиберүү же Жеке кабинетине маалыматтык билдирүү жөнөтүү жолу менен талап кылууга. Мындай учурда, кагаз бетиндеги документ келип түшкөнгө чейин, Банк Кардардын Буйругун аткарбайт;

6.2.7.    эгер юридикалык жактын «KICB» системасы аркылуу учурдагы эсепти тейлөө боюнча Банк алдында 3 (үч) айдан ашык карызы бар болсо, Кардарды (юридикалык жакты) «KICB» системасынан ажыратууга. Кардарды «KICB» системасына кайра кошуу үчүн, Кардар Банктын Тарифтерине ылайык комиссия төлөөгө тийиш;

6.2.8.     Кардардын паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө, Банкка жаңы паспортту камсыз кылмайынча, «KICB» системасы Кардарды «Көз салып текшерүү» режимине өткөрөт.

6.2.9.   Кардардын генералдык ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү бүткөндө, «KICB» системасында Кардардын кирүү мүмкүнчүлүгү жабылат.

6.2.10. ушул Эрежелерде каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

6.3. Кардар төмөнкүлөргө милдеттүү:

6.3.1. купуялуулукту сактоо жоопкерчилигин алууга, үчүнчү жактарга Авторизациялоо маалыматтарын бербөөгө/ачыкка чыгарбоого. Авторизациялоо маалыматтарынын, ага уруксаты жок адамдар тарабынан уруксатсыз ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу жолу менен сакталышын камсыз кылуу. Эгер Кардар жогорудагы жагдайлар орун алгандыгы жөнүндө шектенсе же ачык фактылар бар болсо, анда Кардар жазуу түрүндөгү арыз же телефон аркылуу (сыр сөздү же башка тастыктоочу маалыматтарды (идентификациялык маалыматтардын тизмесин Банк белгилейт) айтуу зарыл) Банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү. Андан кийин. 5 (беш) календардык күндүн ичинде, бул талапты жазуу түрүндө (Кардардын колу жана мөөрү (эгер болсо) менен кагаз жүзүндөгү арыз) тастыктоого милдеттүү. Эгер Кардар жогоруда көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү тастыктоону 5 (беш) календардык күндүн ичинде бере албаса, анда бул мөөнөт Банк менен макулдашылып, өзгөртүлүшү мүмкүн;

6.3.2.   «KICB» системасын тейлөө тарифтерине ылайык, Банктын кызматтары үчүн өз убагында акы төлөө үчүн зарыл болгон Эсептеги каражаттардын калдыгын камсыз кылууга;

6.3.3. Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө, өзгөрүүлөр орун алган күндөн тартып 3 (үч) иш күндөн кечиктирбестен, зарыл тастыктоочу документтерди тиркөө менен, Банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө;

6.3.4.   Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Эсеп боюнча Операцияларды жүргүзүүгө, ушул Эрежелерди сактоого (анын ичинде «KICB» системасын колдонууга тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча иш-чаралар комплекси);

6.3.5.   аралыктан банктык тейлөө жана Эсепте Операцияларды Банктын Тарифтерине ылайык жүргүзүү боюнча Банктын кызмат акыларын жана комиссияларын төлөөгө, ошондой эле Кардардын Эсеп боюнча Операцияларды жүргүзүү процессине катышкан башка банктардын кызмат акыларын, жана Кардарды тейлөөгө жана Операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү башка чыгымдарды төлөп берүүгө;

6.3.6.   Кардар тарабынан OTP-коддору менен SMS-билдирүүлөрүн алуу максатында Банкка берилген мобилдик телефон номери алмаштырылган учурда, Банкка сөзсүз түрдө жазуу жүзүндө билдирүүгө;

6.3.7. Кардардын Буйруктарын Банкка жөнөткөндөн кийин, Операциялардын абалын текшерүүгө;




6.3.8. жетекчилердин жана/же ыйгарым укуктуу адамдардын алмашканы жөнүндө, жетекчилер жана/же ыйгарым укуктуу адамдар алмашкан күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде Банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө;

6.3.9.    Банктын талабы боюнча, ушундай талап келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен, «KICB» системасы аркылуу аткарылган, Кардар тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана Кардардын мөөрү басылган (эгер бар болсо) бардык төлөм документтерин кагаз бетинде Банкка берүүгө;

6.3.10. ушул Эрежелерде каралган башка милдеттенмелерди аткарууга.

6.4. Кардар төмөнкүлөргө укуктуу:

6.4.1.     ушул Эрежелерде каралган шарттарда, «KICB» системасынын кызматтарын толугу менен пайдаланууга;

6.4.2. «KICB» системасына кошулуу жана аны пайдалануу боюнча Банктан консультация алууга;

6.4.3. «KICB» системасын колдонуу үчүн Авторизациялоо маалыматтарын орнотууга жана өзгөртүүгө;

6.4.4. ушул Эрежелерде каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

7.       Тараптардын жоопкерчилиги жана талаштарды чечүү

7.1.   Банк, «KICB» системасын колдонуудан келип чыккан талаш-тартышты чечүү үчүн бардык чараларды көрөт, жана анын натыйжалары жөнүндө Кардарга кабарлайт.

7.2.    Ушул Эрежелердин аткарылышы тууралуу талаш-тартыштар жана келишпестиктер Кардар менен Банктын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Эгер талашты соттон тышкары тартипте чечүү мүмкүн болбосо, анда ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.

7.3.   Зарыл болгон учурда, талаш-тартышты чечүү ишине тиешелүү тармакта керектүү тажрыйбага жана билимге ээ болгон, Банкка таешеси бар жана тиешеси жок ар кандай адистерди жана эксперттерди да тартуу мүмкүн.

7.4. Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык, ушул Эрежелерде каралган милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

7.5.     Кардар «KICB» системасына туташуу максатында колдонулган түзмөк үчүн, жана колдонулган түзмөктө акыркы жаңыртуулары орнотулган, лицензияланган программалык камсыздоону колдонуу үчүн, ошондой эле актуалдуу антивирус базалары менен лицензияланган антивирустук программалык камсыздоону колдонуу үчүн жооп берет.

7.6.    Кардар, Банкка Кардардын атынан ыйгарым укуктуу эмес адам тарабынан берилген Буйруктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан Банктын чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартат.

7.7. Кардар, аралыктан банктык тейлөө алкагында кызматтарды көрсөтүү үчүн маанилүү болгон жагдайлар жөнүндө, анын ичинде Банкка мурда кабарланган маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө, Банкка жазуу түрүндө кеч жана/же толук эмес кабарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Мындай жагдайлар Банкка кеч же толук эмес кабарланган учурда, мүмкүн болгон терс кесепеттер үчүн жоопкерчиликти толугу менен Кардар тартат.

7.8.   Ушул Эрежелерге кошулуу менен, Кардар, Банк төмөнкүлөр үчүн жооптуу эмес экендигине шартсыз макулдугун билдирет:

7.8.1.   «KICB» системасына кирүү үчүн колдонулган Кардардын түзмөктөрүнүн (WI-fi роутери/модеми ж.б.) же байланыш каналдарынын, техникалык каражаттарынын, үчүнчү жак (Интернет-провайдерлер, байланыш операторлору ж.б.) тарабынан камсыз кылынуучу башка ресурстардын жана кызматтардын иштебей калышынан келип чыккан каталар, кечигүүлөр же Кардардын «KICB» системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн жокткондугу үчүн;

7.8.2.     Кардардын түзмөктөрү бузулгандыгы үчүн, Кардардын программалык камсыздоосу жана персоналдык компьютери ар кандай вирустардан же башка себептерден жабыркагандыгы үчүн,




Кардардын мобилдик телефонун жана башка түзмөктөрүн ар кандай вирустардан же башка зыяндардан коргоо үчүн;

7.8.3.     логиндин жана/же паролдун, мобилдик телефон номери (номер OTP-коддору менен SMS- билдирүүлөрдү, токенди, туура эмес өндүрүлгөн Операциялар жөнүндө жана «KICB» системасынын жардамы менен Кардардын Эсебине уруксатсыз кирүү аракеттери жөнүндө билдирүүлөрдү алуу максатында Кардар тарабынан Банкка берилет) байланган мобилдик телефондун/SIM-картанын жоголгондугу (уурдалгандыгы) жөнүндө Кардардын Банкка өз убагында билдирбегендигинен улам келип чыккан кесепеттер үчүн;

7.8.4.    Кардар тарабынан маалымат алуу үчүн көрсөтүлгөн, OTP-коддору менен SMS-билдирүүсүн, реквизиттерди (анын ичинде почта дареги) алуу үчүн колдонулган телефон номеринин өзгөргөндүгү жөнүндө Кардар Банкка кабарлабаганынан улам келип чыккан кесепеттер үчүн;

7.8.5. Кардардын төлөм тапшырмалары толук эмес (туура эмес) форматта берилген учурларда, жана/же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келген маалыматтарды камтыган учурларда, «KICB» системасында мындай төлөм тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн;

7.8.6.    Кардардын Авторизациялоо маалыматтарын ачыкка чыгаруусунан, мындай маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылбагандыгынан, мындай маалыматтарды үчүнчү жактардан жашыруун кармоо, кандай себептерден болбосун үчүнчү жактарга өткөрүп бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүгүнөн улам келип чыккан зыян үчүн;

7.8.7.      Банктын көзөмөлү астында боло албаган жагдайларда (Кардардын логиндеринин жана паролдорунун компрометациясы), үчүнчү жактар «KICB» системасына кирип, уруксатсыз адамдар тарабынан берилген Операцияларды жүргүзүү боюнча Буйруктарынын Банк тарабынан аткарылышынын натыйжасында келип чыккан Кардардын чыгымдары үчүн;

7.8.8.     үчүнчү жактардын Кардардын Авторизациялоо маалыматтарын (анын ичинде мыйзамсыз ыкмалар менен алынган маалыматтарды) колдонуусунун, Кардардын Авторизациялоо маалыматтарынын купуялуулугунун бузулушу менен пайдалануусунун (анын ичинде маалыматтардын түздөн-түз «KICB» системасына кирүү үчүн колдонулган Кардардын түзмөгүнөн чыгып кетишинин,

«KICB» системасына кирүү үчүн колдонулган Кардардын түзмөгүнө зыяндуу программалардын таасир этишинин, Интернет тармагы аркылуу аткарылган кесепчилик, хакердик, вирустук чабуулдардын) натыйжасында, уруксатсыз адамдар тарабынан берилген Операцияларды жүргүзүү боюнча Буйруктарынын Банк тарабынан аткарылышынан келип чыккан Кардардын чыгымдары үчүн;

7.8.9.   үчүнчү жактардын «KICB» системасына кирүүсүнүн жана аны колдонуусунун натыйжасында, уруксатсыз адамдар тарабынан Банкка берилген Операцияларды жүргүзүү боюнча Буйруктарынын Банк тарабынан аткарылышынан келип чыккан Кардардын чыгымдары үчүн (эгер мында Банктын күнөөсү жок болсо);

7.8.10.    Банктын көзөмөлүнөн тышкары болгон форс-мажордук жагдайлардан улам (анын ичинде интернет-провайдерлердин байланышты камсыз кылуусундагы үзгүлтүктөр жана башка себептер)

«KICB» системасын сунуштоо мүмкүн болбой калгандыгы үчүн;

7.8.11.   SIM-картанын бузулушуна жана/же жоголушуна/уурдалышына байланыштуу Кардар мобилдик телефонун колдоно албай калгандыгы үчүн; OTP-коддорунун компрометациясына алып келген Кардардын мобилдик телефонуна орнотулган зыяндуу программалык камсыздоо үчүн; үчүнчү жактардын Кардарын OTP-коддорун уруксатсыз пайдалануусунан келип чыккан зыян үчүн;

7.8.12.      «KICB» системасы аркылуу берилген маалыматтар (анын ичинде Эсептер жөнүндө маалыматтар) байланыш каналдарын тыңшоонун же аларга кошулуп алуунун натыйжасында жана мындай маалыматтарды Кардар колдонгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү убагында үчүнчү жактарга жеткиликтүү болуп калган учурларда; ошондой эле Аутентификациялоо каражаттарын сактоо жана колдонуу шарттары Кардар тарабынан начар аткарылган учурларда;

7.8.13.      Кардардын мобилдик телефонуна SMS-билдирүүлөрүн жеткирүү сапаты үчүн; SMS- билдирүүлөрүнүн жеткирилиши жана жеткирүү ылдамдыгы үчүн; Банк SMS-билдирүүлөр түрүндө берилген маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн сактоого кепилдик бербейт. Банк мобилдик/кыймылдуу радиотелефондук байланыш түйүндөрүндө орун алган үзгүлтүктөр, авариялар жана алардын ашыкча жүктөлүшү үчүн, кыймылдуу радиотелефондук байланыш операторлорунун ишиндеги үзгүлтүктөр жана кечигүүлөрү үчүн, Кардар тарабынан роумингде колдонулган




мобилдик/кыймылдуу радиотелефондук байланыштагы (б.а. мобилдик/кыймылдуу радиотелефондук байланыш операторунун тармагынан.тышкары) көйгөйлөр үчүн жооптуу эмес;

7.8.14. үчүнчү жактар, Кардар тарабынан Банкка берилген Кардардын байланыш маалыматтарын жана байланыш каражаттарын абийирсиз колдонуу жолу менен, Кардардын жеке иштерине (анын ичинде Кардардын Банк менен болгон жарандык-укуктук мамилелерине байланыштуу) кокусунан же атайылап кийлигишкен учурда, Банк, мобилдик телефондун (SIM-картанын) Кардар тарабынан үчүнчү жактарга берилгендиги үчүн, үчүнчү жактар тарабынан Кардардын мобилдик телефонунун жана/же SIM- картасынын дубликаты мыйзамсыз жасалып, Кардардын уруксаты жок колдонулгандыгы үчүн жооптуу эмес;

7.8.15.   ушул Эрежелерде белгиленген учурларда, Банк Кардарга жиберген маалыматты Кардар албай калганы үчүн (Кардар тарабынан Банкка берилген байланыш маалыматтары актуалдуу болбой калганына, жана Кардар бул жөнүндө Банкка өз убагында жана Банк тарабынан белгиленген тартипте маалымдабай калганына байланыштуу); Буйруктардын жана/же Кардардын Аутентификациялоо жол- жоболорунун аткарылбагандыгы, кеч же туура эмес аткарылгандыгы үчүн (Кардар тарабынан туура эмес маалыматтардын берилишине, Кардар тарабынан туура эмес маалыматтардын киргизилишине, Кардар тарабынан мурда берилген, Банк каттоо жана OTP-коддорун жиберүү боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн колдонулган маалыматтардын актуалдуулугун жоготушуна байланыштуу). Кардар Банкка берген бардык маалыматтардын тууралыгы жана актуалдуулугу үчүн жооп берет;

7.8.16.    Кардардын Эсебине камак салынган же ал боюнча Операциялар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык токтотулган учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда Кардардын Буйругунун «KICB» системасы аркылуу аткарылбашы үчүн;

7.8.17.   Банк тарабынан аткарылган Кардардын Буйрутмасынын талааларындагы маалыматтар Кардар тарабынан каталар менен толтурулганынын, же Кардардын төлөмү алуучу тарабынан кайтарылгандыгынын натыйжасында Кардарга келтирилген чыгымдар үчүн;

7.8.18. Кардар тарабынан туура эмес берилген Буйруктардын аткарылышы үчүн;

7.8.19.    Кардар туура эмес маалыматтарды бергендигинин, Кардар тарабынан мурда берилген жана Кардардын Авторизациялоосу үчүн колдонулган маалыматтар актуалдуулугун жоготкондугунун же Кардар маалыматтарды туура эмес киргизгендигинин натыйжасында Буйруктун аткарылбашы, кеч же туура эмес аткарылышы үчүн;

7.8.20. Кардардын Буйругунун аткарылышы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, ушул Эрежелердин талаптарынын, ошондой эле Кардар менен Банктын ортосунда түзүлгөн башка макулдашуулардын (келишимдердин) шарттарынын бузулушуна алып келе турган учурларда, Кардардын Буйругунун аткарылбашы үчүн.

 

8.       Форс-мажор

8.1.    Эгер Тараптар өз милдеттенмелерин, аргасыз (форс-мажордук) жагдайлардын, башкача айтканда, күтүлбөгөн же болтурбоо мүмкүн болбогон окуялардын кесепетинен толугу менен аткара албай калса, же жарым-жартылай аткарса, алар жоопкерчиликтен бошотулат. Аргасыз жагдайларга төмөнкүлөр кирет, бирок алар менен чектелбейт: табигый кырсыктар, өрттөр, суу ташкындары, жер титирөөлөр, башка табигый же техногендик кырсыктар, эпидемиялар, согуш аракеттери, мамлекеттик төңкөрүштөр, өзгөчө кырдаал режими, революциялар, массалык башаламандыктар, теракттар, жарандык толкундоолор, Өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-аракеттери, аралыктан банктык тейлөө боюнча ушул келишим түзүлгөн күндөн кийин күчүнө кирген ченемдик актылар, Тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук жараткан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдер, жана ошондой эле Тараптардын контролунан тышкары болгон башка жагдайлар.

8.2.     Форс-мажордук жагдайлардын орун алышы, тиешелүү милдеттенмелердин аткаруу мөөнөтүнүн, мындай жагдайлар созулган убакытка ылайык мөөнөткө жылдырылышына алып келет.

8.3.    Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтер аргасыз жагдайлардын тиешелүү далили болуп саналат. Форс-мажордук жагдайларды далилдөөчү документтерди, форс-мажордук жагдайларга шилтеген Тарап, экинчи Тараптын талабы боюнча, берет.



9.       Корутунду жоболор

9.1.   Эгер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын/мамлекеттик органдардын талабы боюнча Кардардын Эсебине камак салынса, же Эсеп боюнча операциялар токтотулса, «KICB» системасынын иши чектөөлөр алынганга чейин токтотулат.

9.2. Кардар, тиешелүү жазуу жүзүндөгү өтүнүч катты Банкка бергенден кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде өз каалоосу боюнча «KICB» системасынан ажыратылышы мүмкүн.

9.3.   Эгер Кардар «KICB» системасынан өз каалоосу боюнча же Банктын демилгеси боюнча ажыратылса (ушул Эрежелерди сактабагандыгы/бузгандыгы үчүн; мыйзамдарда каралган учурларда), Банк Кардардын

«KICB» системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн тосмолойт.

9.4.     Ушул Эрежелерде каралбаган башка бардык жагдайларда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алышат.