«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК 20 жылдан ашык убакыттан бери кардарларга банк продукттарынын толук спектрин сунуштап келет.

KICB 2001-жылы Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөктөшүү максатында Дүйнөлүк банк Тобунун мүчөсү болгон Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) жана Кыргызстан өкмөтүнүн биргелешкен ишканасы катары түзүлгөн.

Банк өз кардарларынын ар кандай муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инновациялык финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизген.

2012-жылдан тартып KICB санариптик инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүгө инвестиция салып баштаган. Ал онлайн-платформаларды жана мобилдик банктык платформаларды сунуштаган, бүтүндөй өлкө боюнча банкоматтар тармагын кеңейткен.

KICB туруктуу өнүгүүгө жана социалдык жоопкерчиликке көмөк көрсөтүүгө олуттуу көңүл бурат. Банк энергиянын жаңыланма булактары, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду жана финансылык сабаттуулук программаларын колдоо жаатында демилгелерди жүзөгө ашырды, өзүнүн ар кандай демилгелери жана өнөктөштүк аркылуу аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө активдүү катышып келет.

Иштеген убакта Банк төмөндөгүдөй сыйлыктарга татыктуу болгон

  • Улуу Британиянын The Financial Times Ltd басылмасынын «The Banker» таасирдүү журналынын «Жылдын банкы» наамынын бир нече жолку жеңүүчүсү.
  • Коммерциялык банктын биринчи облигацияларын чыгаргандыгы үчүн артыкчылык белги катары КР Фонд рыногунан «Жыл эмитенти 2013».