Жетекчилик жана акционерлер

Жетекчилик жана акционерлер
Жетекчилик жана акционерлер
Жетекчилик жана акционерлер

Акционерлер

  • Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду

    Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду

    Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду (72%) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык өнүктүрүү маселесин колго алган Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн бир бөлүмү болуп саналат. Фонд үлүштүк катышуу, кесиптик жактан тескөөгө алуу жана техникалык колдоо аркылуу экономикалык иштөөгө жөндөмдүү ишканаларды  түзүүгө көмөктөшөт. Фонд– бул, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, айрыкча Африка жана Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө шарттарда жашаган райондорундагы жашоо деңгээлин жакшыртуу, алардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөгөн өнүгүү боюнча менчик агенттиктер тобу. Фонд Түштүк жана Борбордук Азиянын жыйырмага жакын өлкөлөрүндө, Африкада өнөр жайы, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, туризм сыяктуу секторлордо өз ишин активдүү жүргүзүп, 1 миллиард АКШ долларынан ашуун өлчөмдөгү активдерди контролдоп, өнүгүп келет жаткан өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги (10%). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратып, менчиктештирүү, жеке менчик институтун чыңдоо, корпоративдик башкаруу принциптерин жайылтуу, баа берүү институтун өнүктүрүү боюнча саясатын ишке ашырган менчик субьектиси катары мамлекеттин таламында иш алып барган мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.

  • Хабиб Банк Лтд.

    Хабиб Банк Лтд.

    Хабиб Банк Лтд. (18%) - бул Пакистанда 1947-жылы негизделген алгачкы коммерциялык банк болуп саналат. Хабиб Банк филиалдар түйүнүн кеңейтип, бүтүндөй өлкө боюнча 1,400ашуунфилиалга, беш миллиондон ашуун адамды өзүндө камтыган олуттуу кардар базасына ээ болгон эң ири коммерциялык банкка айланган. Банк 25 өлкөдө туунду компанияларына ээ, Гонгконг жана Улуу Британияда, Непал жана Нигерияда филиалдары ачылган.

    Жеке адамдарга кызмат көрсөтүүлөр топтомун ал эми жакындан бери керектөө секторунда финансылык кызматтарды сунуштоо банктын негизги иш багытынан болуп саналат. Банк корпоративдик каржылоонун ири портфелине ээ. Микрокаржылоо жана агрокредиттөө, ошондой эле өлкөнүн алыс жайгашкан аймактарында, айыл жеринде башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо анын милдетине кирет.Кеңири тараган филиалдар түйүнү аркылуу Хабиб Банкатаандашуу мүмкүнчүлүгүн чыңдап, финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда алдыңкы сапта болуу менен ишенимдүү алга илгерилеп келет. Банк Улуу Британия, Араб Эмираттары, Түштүк жана Борбордук Азия, Африка жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндөгү негизги эл аралык рынокторго ишенимдүү аралашууда. Хабиб Банкузак мөөнөткө каралган АА жана А-1+ кыска мөөнөттүүк рейтингге ээ.