Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB таланттуу жаштарды колдоону улантат


Көрүнүктүү финансист жана KICB Башкармалыгынын биринчи Төрөгасы, бир нече кесипкөй банкирлердин муунун тарбиялаган Кванг Янг Чой мырзанын атындагы стипендиялык сынакка өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды.

Стипендия Кванг Янг Чойдун мурасына сый-урмат көрсөтүү үчүн, банктын таланттуу жаштарды колдоого багытталган социалдык миссиясынын бир бөлүгү катары 2024-жылдын 19-августунда негизделген. 

Сынак жыл сайын өткөрүлөт. Өтүнмөлөр 01-августтан 31-августка чейин (кошо алганда) кабыл алынат. Стипендия 1000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө жана КР сому менен эквивалентте Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде бир окуу жылында окуунун акысын төлөө үчүн кыргызстандык студенттерге берилет. Стипендиат академиялык жетишкендиктин жогорку деңгээлин көрсөтсө, стипендия кийинки окуу жылдарына узартылышы мүмкүн. 

KICB мындай жол менен өнүгүүгө умтулган, бирок билим берүү ресурстарына жетүүдө кыйынчылыкка кабылган жаштарга колдоо көрсөтө аларына ишенет.

Өтүнмөнү кимдер бере алат:
  • 16 жаштан 24 жашка чейинки КРнын жарандары
  • ЖРТ 150 баллдан жогору болгон абитуриенттер
  • Ата-энесинин камкордугусуз калган, социалдык жактан аялуу жана финансылык жактан муктаж, толук эмес жана көп балалуу үй бүлөдөн чыккан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар.
Бул жылы документтер электрондук түрдө гана кабыл алынат. Толук маалымат менен ссылка аркылуу кирип, таанышсаңыз болот.