Mastercard Standard картын KICB тиркемесинде буйрутма кылыңыз

Саякат, көңүл ачуу жана башка компаниянын чыгымдарын төлөө үчүн ыңгайлуу курал

Валюта: KGS, USD

Mastercard Standard картын KICB тиркемесинде буйрутма кылыңыз
Mastercard Standard картын KICB тиркемесинде буйрутма кылыңыз
Mastercard Standard картын KICB тиркемесинде буйрутма кылыңыз

Mastercard Standard артыкчылыктары

  • Акысыз чыгаруу

  • Бир жылдык тейлөө KGS 300 / USD 4 / EUR 4

  • KGS түрүндө нак акчага айландыруу 0%

  • Төмөндөтүлбөгөн калдык KGS 200 / USD 2 / EUR 2

  • Сом менен карт үчүн калдыкка жылдык 3% чегерүү, мин. калдык 10 000 сом

  • Карт боюнча арзандатуулар

  • SMS-кабарлоо

  • KICB тиркемесине кошулуу

  • Интернет-төлөмдөр

  • Валюталарды автоматтык түрдө конвертациялоо

  • Овердрафт лимити

  • Дисконттук программа

Көп берилүүчү суроолор

  • Картты канча жаштан баштап тариздөөгө болот?

    Картты 16 жаш куракка чыккан адамдарга тариздөөгө болот; кошумча карт ээлеринин курагы 14 жаш.

  • Картты кантип тариздөө керек? Даярдоо мөөнөтү канча?

    • Сайт аркылуу онлайн буйрутма кылуу;
    • KICB тиркемеси аркылуу онлайн буйрутма кылуу;
    • Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылуу;
    • жанында өздүгүн күбөлөндүргөн документ болушу керек;
    • керектүү бланктарды толтуруу (арыз жана келишим);
    • Тарифтерге ылайык картты бир жылдык тейлөө наркын төлөө.

    Картты даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып: 7-10 банк күнү. Картты шашылыш чыгаруу (Бишкек ш. жана Ош ш. гана) Банктын Тарифтерине ылайык кошумча акы менен 2 банк күнү ичинде.

  • Телефон чалып карт-эсептеги жеткиликтүү сумманы билүүгө болобу?

    Жок, болбойт. Бул маалымат купуя болуп саналат жана карт-эсеп ээсинин кызыкычылыктарын коргоо максатында телефон аркылуу берилбейт. Карт-эсептеги жеткиликтүү сумманы Сиз банктын каалаган банкоматынын же Банктын филиалында орнотулган POS-терминалдын жардамы менен, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жеткиликтүү сумманы көрсөткөн көчүрмөнү сурап билсеңиз болот.

  • Эгерде банкомат картты кармап калса, кайда кайрылуу керек?

    Биринчи кезекте, картты блокировкалоо керек. Андан ары банкоматты орноткон банк менен байланышыңыз. Банкоматтын ээси менен байланышууга мүмкүн болгон координаттар негизинен алдыңкы панелде көрсөтүлөт. Эгерде Сиз банкоматты тейлеген банкты аныктай албасаңыз, анда өз банкыңызга чалып, банкомат жайгашкан өлкөнү, шаарды, көчөнү жана үй номерин билдириңиз. Банктын адистери Сизге кайрылуу керек болгон банктын аталышын жана телефонун маалымдайт жана башка керектүү жардамды көрсөтөт. Өз банкы менен баарлашууну жеңилдетүү жана тездетүү үчүн карттын номерин атоо керек (аны өзүңүздүн жазуу китепчеңизге жазыңыз). Картты алуу үчүн Сизге өздүк күбөлүк керек, ошондой эле Сиз атайын арыз жазышыңыз керек болот.

  • KICB банкоматтары бузук болгон учурда кайда кайрылуу керек?

    Банкомат жайгашкан жерге жакын Банктын филиалына кайрылуу же Байланыш-борборунун телефонуна чалуу керек.

  • Картты пайдалануу мөөнөтү чектелеби?

    Ооба. Карт алдыңкы тарабында көрсөтүлгөн ай жана жыл аяктаганга чейин жарактуу. Мөөнөтү өтүп кенткен карттар боюнча операциялар жүргүзүлбөйт. Колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу картты алмаштыруу үчүн сайт, интернет-банкинг аркылуу онлайн билдирмени тариздөөгө болот же жазуу жүзүндөгү арыз менен KICB каалаган бөлүмүнө кайрылуу керек. Колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу картты алмаштырууну өз убагында тариздөөнү сунуштайбыз.

  • Картты жоготкондо же уурдатканда эмне кылуу керек?

    KICB Тиркемеси аркылуу картты шашылыш блокировкалап же бул тууралуу +996 (312/553/774/704) 62 01 01 номерлери боюнча Банктын Байланыш-номерине же (+996 312) 66-43-25 же 62-72-30 тел. аркылуу БПБга билдирүү керек. Сайт, KICB Тиркемеси аркылуу жаңы картты онлайн тариздеңиз же KICB каалаган бөлүмүнө кайрылып, жаңы номер менен картты кайра чыгарууга арызды толтуруңуз, картты кайра чыгаруу баасын төлөңүз.

  • Картта интернет операцияларга жетүү мүмкүндүгүн кантип кошууга болот?

    KICB тиркемеси аркылуу онлайн кирүү мүмкүндүгүн кошууга болот. Ошондой эле Сиз Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү арызды толтура аласыз. Картта интернет операцияларга жетүү мүмкүндүгү бир жумуш күнү ичинде жеткиликтүү болот.

  • Менде дагы башка суроолор бар, аларга жоопту бул документтен таба алган жокмун. Кандай кылсам болот?

    Банктын күнү-түнү Байланыш-борборуна чалыңыз: (0312) 62 01 01; (0553) 62 01 01; (0774) 62 01 01; (0704) 62 01 01 - WhatsApp, чатта, социалдык тармактарда бизге жазыңыз же [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз