Программа жөнүндө

Программа жөнүндө
Программа жөнүндө
Программа жөнүндө

2021-жылдын 19-ноябрында «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК (KICB) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү үчүн ЕРӨБдүн Борбор Азиядагы «Бизнестеги айымдар» Программасынын алкагында кредиттик макулдашууга кол коюшкан.

Программанын алкагында аялдар жетектеген микро- жана чакан ишканалар каржылоо алышат, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, ноу-хау, тармактык мүмкүнчүлүктөр жана башка бизнести колдоо формалары боюнча финансылык эмес кызматтарга жетүү мүмкүндүгүн алышат.

«Мыкты айым» - ЕРӨБдүн Борбор Азиядагы «Бизнестеги айымдар» Программасынын алкагында KICB тарабынан иштелип чыккан, өзүнө пайдалуу шарттарда кредиттерди, өзгөчө шарттардагы депозиттер жана банктык карттар сыяктуу банктык продукттарды жана бизнести өнүктүрүү жана анын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча окуу семинарлары сыяктуу финансылык эмес кызматтарды камтыган атайын сунуш.

Программаны кимдер пайдалана алышат?

  • Ишкер аялдар
  • Аялдар жетектеген юридикалык жактар.

Биз эмнени сунуштайбыз?

  • Бизнес-кредиттер
  • Башка банктык продукттар
  • Санариптик кызмат көрсөтүүлөр
  • Тренингдер

Ишкер аялдардын муктаждыктарына жооп берген жагымдуу шарттары менен.