Биздин команданын бир бөлүгү болуңуз: KICB банкында стажировка жана практика

KICB банкында стажировка

KICB банкында стажировка – бул кесиптик иште өнүгүүгө жардам бере турган, кесипкөйлөрдүн курчоосунда өз карьераңды баштоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Стажировка аяктагандан кийин Сиз банк адиси болоруңузга кепилдик берилет.

Талапкерлерге карата талаптар:

  • Кыргыз жана орус тилдеринде сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
  • Орто атайын, жогорку билим, экономика чөйрөсүндөгү билимге артыкчылык берилет;
  • MS Office ишенимдүү колдонуучусу (Word, Excel);
  • Толук иш күнү иштөөгө даярдык.

Резюмени фотосүрөт тиркеп, [email protected] почтасына жөнөтүңүз.

Сурап-билүү телефону: (0312 / 0553 / 0774 / 0704) 62 01 01

KICB банкында практика

Кыргызстандын рыногунда өз орду бар, ийгиликтүү финансы институтунда өзүңдүн биринчи реалдуу кесиптик тажрыйбаңды ал!

Резюме жөнөтүп, биз менен бирге финансы чөйрөсүндө өзүңдүн биринчи кадамыңды жаса!

KICB өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай багыттар боюнча практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Сиз KICB банкында практикадан өтө аласыз, эгерде:

  • бакалавриаттын 2-4-курсунда окусаңыз (экономика чөйрөсүнө артыкчылык берилет);
  • мыкты жетишкендиктерге ээ болсоңуз.

Банкта практикадан өтүү үчүн жашаган шаарды көрсөтүп, «Банктагы практика» белгиси менен [email protected] почтасына резюмени жана баалар табелин жөнөтүңүз же Банктын жакынкы филиалына кайрылыңыз.